митинг

Кечээ жакында Нарын шаарында электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө нааразылык билдирген  эл митингге чыкты. Албетте, ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Тигил же бул маселе боюнча нааразылык акцияларына чыгуу жагынан Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын ичинен көч башында турат.

Бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз катары мүнөздөлүп да жүрөт. Тилекке каршы, 2000-жылдардан кийин Кыргызстанда ар кандай мүнөздөгү көп эл катышкан каршылык акциялары болуп, айрым учурларда тынч митингдер кайгылуу окуялар менен аяктаган учурлар да болду. Элдин талабына бийлик моюн толгоп, көңүл бурбай койгондон чыккан Аксы окуясы эгемендик тарыхыбыздагы эстен кеткис так болуп калды. Мамлекеттеги адилетсиздиктерге, үй-бүлөнүн өлкө башкарууга аралашып кеткенине нааразы болуп, толкуган эл Өкмөт үйүнүн алдына келсе да элдин талаптарына маани бербей, “бул бийликти эңсеген саясатчылардын эле кылганы” деп алардын үнүн уккусу келбеген бийлик кулап, Президент өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Эгерде 2005-жылы бийлик башындагылар жок дегенде ошол аянтта толкуп турган элге чыгып, алардын талаптарына кулак төшөп, ошол жерден элдин талабын аткаруу чечимдерин кабыл алганда, революция болбой калышы да мүмкүн эле. Бирок, бийлик элден алыстап, кагаздагы кургак цифралар жана айланасындагылардын кооз сөздөрүнө манчыркап, карапайым элге кылган текеберчилигинин жазасын алды. Албетте, бийликтин аларга мамилесине кыжырданган эл айрым учурларда адаттан тыш кадамдарды жасап, аймактык бийликти басып алып, имаратты талкалоого барган учурлар да болду. Бийлик башындагылардын митингге чыккандардын талабына тоотпос мамилесинен улам болсо дагы бул чектен чыккан жорук. Акыркы эле 1-2 жыл ичинде Акматбеков Келдибековдун жактоочулары депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен митинге чыгышып, жол тосушу, Камчыбек Ташиевдин жактоочуларынын облустук имаратты ээлеп алышы жана саруулуктардын айрым мыйзамга жат аракеттери катталды.

Жогорудагы саясий мүнөздөгү митингдерден тышкары да Кыргызстан мурдагыдай эле өз митингдери менен аты чыгып турду. Бирок, акыркы үч жылда митингдердин санынын азаюу тенденциясы байкалууда. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2011-жылы республикабыз боюнча 1193 митинг жана каршылык акциялары өткөн. Бул иш-чараларда ар кандай мыйзам бузуу фактылары боюнча 85 адам административдик жаза алган. Ал эми 2012-жылы акыркы жылдардагы митингдер эң көп өткөн жыл катары эсте калып, жыл ичинде 1286 (!) митинг  өткөн. Бирок административдик жазага 63 адам тартылган. 2013-жылы митингдердин саны кескин азайып, 849 митинг өтүп, бирок административдик жазага кириптер болгон адамдардын саны 170ке жеткен. Ал эми ушул жылдын 11 айында 466 митинг өтүп, 97 адам административдик жазасын алыптыр.

Ошентсе да иликтөөлөргө ылайык акыркы жылдарда болуп жаткан митингдер кандайдыр деңгээлде мыйзам чегинде өтүүсү байкала баштады. Митингдердин мүнөзүнүн өзгөрүшүнө митингчилердин талаптарына бийлик тараптан өз убагында реакция болуп, эл менен сүйлөшүп, шарт-жагдайды түшүндүрүү аракети да өз таасирин берүүдө. 2011-жылы митингдердин тынч мүнөзү 91,35% болсо, 2012-жылы 94%га өскөнүн келтирип, бул тенденция көңүл бурууга арзыйт деп белгилейт аналитиктер. 2012-жылы кабыл алынган “Тынч жыйындар жөнүндөгү” мыйзамда калктын тынч жыйындарды өткөрүүсүндө укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттери мыйзамдык негизде ачык-айкын жазылган. Мына ушул мыйзамдын талаптарын аткаруу митинг маданиятын калыптандырууда таасири сөзсүз болушу мүмкүн. Кечээ Нарындагы электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө каршы митингге чыккандарга Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев барып, эл менен бетме-бет жолугушуп, мүмкүн болчу жана мүмкүн эмес маселелерди ачык-айрым айтып, түшүндүрүп, элди ынандырууга аракет кылды. Митингчилер тараптан эч кандай мыйзам бузуу аракеттери, мурдагыдай ОБОНчулар байкалган жок. Демек, элибиз мыйзам талабына ылайык тынч жыйындарды өткөрүп, ал эми бийлик эл менен бетме-бет жолугушуп, талабын уга билсе, өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп, өсүп-өнүгүүбүзгө шарт түзүлөт. Башканы кой, байлыгы ашып-ташкан өзүбүздүн кошуна Казакстан же ири держава Россия да инвестор дегенде ичкен ашын жерге коюп, алардын келишине шарт түзүүгө ашыгат. Анан биздин өлкө үчүн инвестиция тартуу мааниси канчалык экенин түшүнүү кыйын эмес. Ал эми инвесторлор ички бейпилдиги жок өлкөгө тобокелчилик кылып келе бербейт. Инвестиция үчүн жагымдуу шарттардын ичинде өлкө стабилдүүлүгү да башкы орунду ээлейт. Жакында Президент Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүнө расмий-иш сапар менен барып, араб инвесторлорун Кыргызстанга үндөп келди. Ошондой эле Кыргызстан араб инвесторлоруна энергетика, жол, айыл чарбасы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында 20дан ашык конкреттүү долбоорлорду сунуш кылууда. Мындан тышкары жакында эле франциялык ГЭСтерди куруучу дүйнөлүк ири компания өкүлдөрү келип, Кыргызстанда иштөөгө кызыкдарлыгын билдиришти. Бул, албетте, бизге келүүсү мүмкүн болгон инвесторлордун толук тизмеси эмес. Өлкөбүздө ынтымак-ырашкерлик болсо, куттуу кыргыз жери инвесторлорду ар убак кызыктыраары турган иш. Бир гана өлкө тынчтыгын сактап, өз кызыкчылыгыбызды жогору коюубуз абзел. Кыргызстан дүйнөгө кыйратуучу митинг, каршылык акциялары менен эмес, кудай буюрса, улут катары кылымдап калыптанган көөнө маданияты, асман мелжиген тоолору жана көк кашка суулары, кең пейил, меймандос эли, өнүгүү деңгээли менен тааныла алат. Биз мунун баары алдыда деп ишенгибиз келет. Анткени, бүгүнкү иш-аракеттер, бийликтин жана элибиздин өзгөрүүгө, жаратмандык иш жаратууга умтулуусу үмүт арттырат.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА