турганбаев

Ички иштер министри болуп келген кеч күздөн бери Мелис Турганбаев ордуна дегеле отура элек. Милиция тармагында канча жылдан бери бышып жетилген көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышууда. Алгачкы иш сапарын Ош, Жалал-Абаддан баштаган Мелис мырза кийин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын кыдырып чыкты. Кыштын ызгаар суугуна карабай барган жеринин баарында жардамчылары менен айтылган сын-пикирлерди кагазына жазып алып, ыкчам тапшырмаларды берип, үч айдан кийин кайра келип текшерээрин айтып, музду козголтууда.

Сокулук районунда

Бул жума ичинде Мелис Турганбаев Чүй облусун кыдырып чыкты. Иш сапарынын алгачкы күнү таңдан кечке дейре жанында жүрдүк. Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы милиция пункттарына барып, айрым жаңы ачылып жаткан милиция пункттарынын лентасын кести, эскилеринин абалы менен таанышып чыкты. Генералды ээрчип жүрүп эле биз, журналисттер кечинде сулк жыгылгыдай чарчадык.

22-декабрда таңкы 8де биз Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы жаңы ачылып жаткан милиция пунктуна келдик. Заманбап жасалган жылуу бөлмөлөрдө тергөө, кылмышкерлерди убактылуу кармоочу, аймактык тескөөчүлөр отура турган бөлмөлөрү бар. Ал жерге Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канат Исаев, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын төрагасы Капар Батырканов, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар чогулушту. Алгачкы сөздү алган Мелис Турганбаев: “Күн-Туу айылында ачылып жаткан милиция бөлүмчөсүн ушул жерде жашап жаткан тургундардын укугун коргоп, элдин кызыкчылыгына иштесин, тартипсиздик болбосун, көзөмөлдөп берсин деп ачып жатабыз. Милиция элдик болуш керек. Биз аймактык тескөөчүлөрдү, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлорду көбөйтүп жатабыз. Бүгүн эртең менен 50 кызматкерди ушул кызматтарга бөлүү боюнча буйрукка кол койдум. Көп мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор жетишпейт, бара-бара ар бир мектепте бирден инспектор болуусуна шарт түзөбүз”, – деди.

Ал эми Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев: “Мелис Токтомамбетович Бишкек шаардык милицияны жетектеп турганда шаардын ичине, өзгөчө жаңы конуштарга милиция пункттарын көп ачып, жакшы иштердин демилгечиси болгон. Аны эл жакшы кабыл алган. Эми Чүй облусуна дагы ушундай заманбап милиция бөлүмчөлөрү көп ачылат деп ишенем. Биз аны биргелешип жасайбыз, жергиликтүү бийликтер да колдойт деп ойлойм. Милициянын жумушу абдан оор, кандай гана деңгээлдеги адам болбосун, башына кыйынчылык түшкөндө сөзсүз милицияга кайрылат. Көйгөйүн айтып арыз жазуучулар да, милиционерлер да отуруп иштей турган ушундай заманбап бөлүмдөр дагы көбөйөт” – деп, милициянын аракеттерине ийгилик каалады.

Андан кийин министр Сокулук районунун Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн ичинде жайгашкан аксакалдар сотунун кабинетине барды. Аксакалдар сотунун төрагасы Абаскан Кожомкулов көп чыр-чатактуу иштерди милицияга жеткирбей, жараштыруу, элдештирүү, акыл айтуу менен чечип жатышканын билдирип, министрге аксакалдык батасын берди. Ал жерден чыгып, айыл өкмөттүн имаратына жакын жайгашкан райондук ички иштер башкармалыгына тиешелүү спорт залга кирдик. Абдан мыкты курулган, бирок эскилиги жеткен спорт зал эгер айыл өкмөттүн карамагында болсо, эчак эле заманбап жаңыланмак экен. Милицияга тиешелүү болгондуктан, акча жоктугунан абдан эскириптир. Спорт залды көргөн министр анын ремонтуна дароо 2 млн. сом бөлүп берээрин айтып, жергиликтүү бийликти, милиционерлерди кубантты. Андан чыгып министр Сокулук районунун борборунда жайгашкан райондук ички иштер башкармалыгында жыйын өткөрдү. Жетекчисине эл үчүн жакшылап иштеп берүүсүн өтүнүп, эгер иштей албаса, 1-кварталга жеткирбей жумуштан алаарын эскертти. “Көп иштерди министрлик кийлигишкенге чейин эле ыкчам кыймылдап, ишти ачкыла. Оң кулак, сол кулагыңар менен уккула, ким иштей албаса, жумушунан кол жууйт. Милицияга болгон элдин ишенимин жогорулаталы. Ишти сындырып, уруп-сабоо көрүнүштөрү болбосун. Эшигим силер үчүн ачык, өзүм да келип турам. Эгерде кайсы милициянын начальниги ишти ачууга жолтоо болсо, коркпой дароо мага чыккыла. Өздүк документтерди катып коюп, акчаларды алып, ишти ачпай отура берген фактылар бар. Жалгыз колунан эмне келет деп ойлобогула. Кимдин кандай иштээрин билем. Убагы келгенде баалар берилет. Баягыдай заман бүттү, эл үчүн жаңыланып иштей турган мезгил келди”, – деди министр.

Шопоков шаарчасында

Баатыр Дүйшөнкул Шопоковдун атын алып жүргөн шаардын милиция бөлүмүнүн кире беришинде “Кайраттуу милиция – Кыргызстан жаранынын кылычы жана калканы” деп бадырайып жазылып турат. Ал жерге да эл топтолгон, көбүнчө мугалимдер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келишкен. Шопоков шаары активдүү жашоосу менен өзгөчө айырмаланат экен. Ал жерде орус улутундагылар абдан көп. Милиция бөлүмү да жылуу, кабинеттери заманбап оңдоодон өткөн. Эл менен жолугушууда министр мырза мындан ары милиция тармагы оңоло турганын билдирди. Аталган шаардагы мектептин директору министрдин келгенин кубаттап, мектепте рэкет балдар бар экенин жашырган жок. Мектептеги рэкеттерди жоюш үчүн министр ар бир мектепте милиция кызматкерин отургузуу пландалып жатканын, Бишкек шаарында 100% камсыздалганын, эми Чүй облусунда, бара-бара бардык мектептерде мындай штаттар иштеп калаарын билдирди.

Түш оой Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык милиция бөлүмчөсүнө келдик. Ал жерге чогулган эл Улан аттуу милиция кызматкерин мактап, кандай чакырыктар болсо бараарын, бирок жашап жаткан үйү эптеген бир батир экенин, иштөөгө шарты жоктугун, жаш балдары менен кыйналаарын айтышты. Айрымдары кармалган кылмышкерлерди милициялар 2-3 күндөн кийин кое бергендерине нааразы болушту. Ички миграция бул жер көп экенин, сырттан келген ар түрдүү улуттун өкүлдөрү жыш жайгашып, ар кандай уурулук, талап-тоноо орун алып жатканын, андыктан милицияга жакшы шарттар түзүлүп, отуруп иштей турган пункттарды түзүп берүү керектигин билдиришти. Министр айтылган сөздөрдү жардамчылары менен жазып алып, иштебеген милиционерлерди жакында жумуштан айдаарын, милиция үчүн үйлөрдүн салынаарын, үйү жокторго үй берилээрин айтты. Элди аралап, көп көйгөйлүү маселелерди өз көзү менен көрүп, угуп жүргөн министр элдин алкоосуна татыды.

Аламүдүн району

Андан соң биздин кербен Аламүдүн районунда жайгашкан Маевка милиция бөлүмчөсүнө барды. Министр ал жерде жаңы салынган милиция пунктунун ачылыш аземине катышып, лентасын кести. Бөлмөлөрдүн ичи жылуу, компьютер менен жабдылган.

Маевка бөлүмчөсүнөн чыгып, Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылдык милиция бөлүмчөсүнө бардык. Эшигинин алдында министрди күткөн эл. Бул жерде да участкалык милиционер баланын үйү жоктугун, эгер жер бөлүп берсе, эл ашар жолу менен ага үй салышууга жардам берээрин билдиришти. Анткени, ал милиционер эл оозуна алынган. Айыл өкмөт башчысы да ал жерде үй тоноо, мал уурулук көп болуп жатканын, бирок, бардык кайрылууларга милиция убагында аракет кылып, эл менен тыгыз иштерди ачып жатышканын айтып, министрдин келгенине ыраазычылыгын билдирди. Алардын жайгашкан айылы Манас аэропортуна кеткен жолдо болгондуктан, негизги трассага видеобайкоо коюуга мүмкүндүк болбой жатканын айтып, министрден жардам сурады. Министр бул маселе мыйзам чегинде чечилээрин билдирди.

Андан соң биз Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнө келдик. Ал айылда кыргыздар менен лизгиндер, түрк, карачайлар көп жашайт. Айылдын негизги көйгөйү – карагайларды уурдап сатуу. Мындай көрүнүш орун алса, дароо Казакстан чек арасына чейин ыкчам жетип барууга техниканын жоктугу тоскоол жаратарын айтышты эле, министр эмдиги жылы бир машина бөлдүртүп берээрин убада кылды. Ал жерге участкалык милиционер жетишсиз экенин билдиришсе, министр айылдык балдардан жумушка тартуу керектигин айтты.

Аламүдүн райондук ИИБнин Октябрь айылдык милиция бөлүмчөсү өз имараты жок, айыл өкмөттүн бир капталына жайгашкан. ОБСЕнин жардамы менен февраль айынан баштап милициянын өз имаратын куруу башталганы турат. Аны уккан министр эгерде ОБСЕ имаратты куруп бере албай калса, акча бөлүп, имаратты курдуртуп берүүгө кудурети жетээрин билдирди. Аламүдүн райондук Ленин айылдык милиция бөлүмчөсү да аталган айыл аймак администрациясынын имаратында иш ал барат.

Соңунда журналисттерге Чүй облусун кыдырган бир күнүндө көргөн жагдайларын, декабрь айында 50 инспекторду жер-жерлерге берип жатканын, жаңы жылдан кийин аппараттан кыскартып, участкалык милицияларды, инспекторлорду көбөйтүп, милиция жетпей жаткан аймактарга бөлүп берээрин айтты.

Эртеси, 23-декабрда министр Турганбаев Жайыл, Панфилов, Москва райондорундагы, Кара-Балта шаарындагы милиция бөлүмдөрүн, райондук ички иштер башкармалыктарын, милициянын таяныч пункттарын кыдырганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми 24-декабрда Кемин, 25-декабрда Ысык-Ата райондорунун милиция бөлүмдөрүндө болду. Министр Чүй облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы чыгарылган чоң жыйында ишинде кемчилик кетирип келген айрым милиция кызматкерлерин жумуштан алып, көптөрүнө сөгүш жарыялап, айрымдарын ротациялап, жетекчилердин да ишмердиктерине айрыкча басым жасап, кесиптештерин жаңы жылда жаңы нукта иштөөгө үндөдү. Эске салсак, өткөн жумада Мелис Турганбаев Нарын облусун кыдырып, иштин жагдайын өз көзү менен көргөндөн кийин бир катар райондук ИИБ жетекчилерин жумуштан алып, 20дай кызматкерди башка аймактарга ротациялаган.

Министр Турганбаев бардык аймакты кыдырып чыккандан кийин, январь айында министрликте чоң жыйын өткөрүп, облустук, райондук, шаардык милициянын жана алардын жетекчилеринин ишине баа бермекчи.

 Сымбат МАКСУТОВА