Министр Т.Батыралиев саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ, 26-ноябрда өткөн министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн отурумунда облустардагы координаторлорду, ошондой эле министрликтеги жоопкерчиликтүү кызмат адамдарын кыш мезгилинде дарылоо мекемелерин электр жарыгы менен камсыз кылуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.«Жылуулук сезонунун алдында жана электр жарыгын авариялык өчүрүү болгон учурларда облустардагы координаторлор, ошондой эле министрликтин жоопкерчиликтүү кызматкерлери саламаттыкты сактоо мекемелерин электр энергиясы менен камсыз кылуу жана техникалык-уюштуруу маселелери боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл», – деди министр.
Ошондой эле, саламаттыкты сактоо мекемелерин генератор менен камсыз кылуу иштерин так аткарбагандыгы үчүн министрликтин облустардагы координаторлоруна сөгүш жарыяланды.
Булак : Баракелде

Leave a Reply