Борбордогу курал сатуучу дүкөндөрдүн бири балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратканы айтылууда
Баш калаанын №64-мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан “Эдельвейс” спорттук-мергенчилик курал дүкөнү балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул тууралуу 27-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар башчысы аталган дүкөндү тез арада бошотууга буйрук берди. Муниципалдык менчик башкармалыгы менен “Эдельвейс” курал дүкөнүнүн ижара келишим мөөнөтү 2014-жылдын 1-майында бүткөн. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Бишкек мэриясынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте абалды териштирүү максатында атайын көчмө жыйын өткөрдү. Текшерүү учурунда аталган дүкөндүн ээси ордунда болгон эмес. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери курал дүкөнүнө пломба салып, эскертүү калтырып, акт түзүштү. Аталган дүкөндү бошотуп бербесе, Октябрь райондук сотуна жиберилет.
Булак: super.kg


Leave a Reply