Мелис Турганбаев милицияга соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө тыюу салды
КР ИИМинин башчысы Мелис Турганбаев соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө тыюу салды. Тийиштүү буйрукка министр 4-декабрда кол койгон.
Буга байланыштуу ички иштер министри Мелис Турганбаев “Республикадагы укук коргоо органдарына ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу” жөнүндө буйрукка кол койгон.
Буга чейин милиция кызматкерлери базарда соода кылгандардын патент жана башка документтерин текшерип келген эле. Буйрукка ылайык милициянын бардык инспекторлору ишкер, соодагерлерден уруксат кагазы, патент, акча каражаты тууралуу дүмүрчөктөрдү сурап, талап кыла алышпайт.
Булак: super.kg


Leave a Reply