ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн  районунун, Ленинское айылы, Малый ГЭС көлмөсүнөн 1964-жылы туулган Мутавали Абдыкадырович Ибраимовдун (жашаган дареги: Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Тынчтык көчөсү-5, паспорту чөнтөгүндө  болгон), жансыз денесин куткаруучулар таап, РИИБ кызматкерлерине тапшырышкан.

Ошондой эле, Кочкор районундагы Теңдик айылында 2014-жылдын 9-ноябрында саат 21:35те Бишкек-Торугарт унаа жолунун 242-чакырымында   Мазда үлгүсүндөгү мамл. № В9751 АҮ автоунаасы жылкыны сүзүп алып, жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалымат болгон. Айдоочу 1981-жылы туулган Нурбек Торгоев жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракат алышып, Кочкор районунун ооруканасына, дагы эки жүргүнчүсү жана 5 жашар бала оор жаракат алышып, (бардыгы Ат-Башы районунун тургундары, аты-жөнү такталууда) реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Куткаруучулар автоунаанын аккумуляторун ажыратышып, жабыркагандарга 1-медициналык жардам көрсөтүшкөн жана тез жардам автоунаасына батпай калган адамдарды ооруканага жеткиришкен.

КРнын ӨКМнин №42 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жол кырсыктын кесепетинен жабыркаган 6 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөзүп беришкен жана ооруканага жеткиришкен.