Малы токтун санаасы тынч
Быйылкы жылдын 31-октябрына карата тоют даярдоо иштери боюнча анализге токтолсок, 2014-жылдын 31-октябрына карата республика боюнча тоюттун камсыздалышы 32,8%ды түздү, ал өткөн жылга салыштырмалуу 0,5%га төмөн. Ыкчам маалыматтар боюнча, тоют даярдоо боюнча төмөн пайызды Баткен облусу берди (22,9%). Азыркы учурда дан өсүмдүктөрүн оруп – жыйноо иштери Баткен, Жалал–Абад, Нарын жана Ысык–Көл облустарында аяктаган. Республика боюнча буудайдан – 632,0 миң тонна, арпадан 219,7 миң тонна, жүгөрүдөн – 504,7 миң тонна алынды. Алардын ичинен эсептөөлөр боюнча тоютка жүгөрүнүн – 100%ы, арпанын – 100%ы, буудайдын – 30%ы пайдаланылат. 1 шарттуу баш бодо мал жемдик дан менен кошумча 3,2 ц.т.б. камсыздалат.
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына карата Кыргызстан боюнча 2 млн. 914 миң тонна тоют даярдалды. Өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 299 миң тоннага аз. Тоют бирдиги боюнча алганда, бир шарттуу башка 5 центнер тоют бирдиги туура келет. Өткөн жылы бул убакта 5тен бир аз жогору болгон. Тоют бирдиги менен эсептегенде быйыл былтыркыдай эле тоют даярдалды десек болот. Малды байлап багуу боюнча 6 ай берилет, ага октябрь, ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айлары кирет. Бизде мал декабрь айынын аягына чейин жайыттарда оттошот. Тоют 50% даярдалса, кыштан аман-эсен чыгып кетебиз. Дандык жемдерди кошсок, быйыл 50%дан жогору болуп жатат. Былтыр ар бир шарттуу башка 6,8 центнер тоют бирдиги даярдалса, быйыл 6,6 ц.т.б. күтүлүүдө.
Азыр базарларда чөптүн баасы стабилдүү, фермерлер малдын башына жараша жем-чөбүн кенен даярдап алышкандыгы тууралуу маалыматты КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарбаcы жана илим саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Мамбеталиев билдирди.


Leave a Reply