Саламаттык министр11

10-ноябрда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Саламаттык сактоо министри болуп жаңыдан дайындалган Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Өкмөт башчысы министрликтин алдында турган милдеттерди талкуулап, тармакка бөлүнүп жаткан каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгына жаңы министрдин көңүлүн бурду. “Менеджменттин заманбап ыкмалары пайдаланылган клиникадагы иш тажрыйбаңыз саламаттык сактоо тутуму алдында турган милдеттерди чечүүгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиледи Премьер-министр.

Министр Талантбек Батыралиев медициналык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып чыкканын айтып, эки жумадан соң мен өз Иш-аракет планымды сунуштайм, анда чечилүүгө муктаж болгон милдеттенмелер көрсөтүлөт,-деп билдирди.