Өлкөбүздү өргө тарткан “Кыргызнефтегаз”
Өлкөбүздүн түштүгүндөгү Кочкор-Ата шаарын кыргыз мунай өндүрүүчүлөрүнүн борбору десек туура болчудай. Анткени, аталган калаада “Кыргызнефтегаз” ишканасы жайгашкан. 1952-жылы нефтичилер түптөгөн Кочкор-Ата кыштагы мезгил өтүп чакан шаарга айланган. Шаар түптөгөн ишкана – “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасынын транспорт жана жалпы маселелер боюнча орун басары Умарали Анарбаев менен маектештик.
-Умарали Абдыманапович, нефть өнөр жайынын тарыхынан учкай кеп салсак…
– Негизинен, 1901-жылы Майлуу-Сай кыштагынын аймагында нефть кени табылып, 1946-жылы “Көк-Таш” деп аталган алгачкы нефть ишканасы ачылган. Ошондон бери бул тармактын иши ийгиликтер, кемчиликтер менен коштолуп, бирок, кыйынчылыктарга карабастан, ушул күнгө жетип отурат. Албетте, кылымдан ашык убакыт улуулардын ишин улантып жаткан бүгүнкү жаштар тармактын чыйыр салуучуларын сыймык менен эскеришип, унутта калтырышпайт. Негизи Кыргызстандагы нефть кендеринин бар экендиги жогоруда айтылган мезгилден мурда белгилүү болуп, 1882-жылы өнөр жайын өндүрүү аракеттери жасалганы тармактын тарыхынан улам белгилүү. Кочкор-Ата шаары түптөлгөндөн тарта бул аймакта “Майлуу-Суу-4”, “Избаскент” жана “Чыгыш Избаскент” нефть кендери чалгындалып, өздөштүрүлгөн. Мисалы, “Чангыр Таш” кени 1932-жылы ачылса, 1944-жылы “Майлуу-Суу-4”, 1946-жылы “Избаскент” кендери табылган. Совет доорунда негизделген нефть өндүрүшү Кыргызстанда кыйла өнүгүүгө ээ болгондугу менен мүнөздөлөт.
Кыска убакыт аралыгында жаңы кендердин ачылышы 1955-жылы “Кыргызнефть” ишканасын түзүүгө негиз болуп, ошондон бери Кыргызстандын нефть жана газ өнөр жайында өнүгүүнүн жаңы доору башталган десем болот. 1957-1959-жылдары жогоруда аталган нефть кендеринде жаратылыш газы да бар экендиги аныкталып, ошондон тарта газ өнөр жайын өнүктүрүүгө жол ачылган. Кыска убакыт аралыгында Кочкор-Атада жайгашкан бардык ишканалар газ менен жылытууга өтүп, Майлуу-Суу, Жалал-Абад жана Ош шаарларын карай магистралдык газ куурлары курулган. Бул кендерде Союз мезгилинде эң алгачкы ирет нефть өндүрүүдө компрессору жок газлифт ыкмасы колдонулган. Бул ыкманы “Кыргызнефть” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Х.М.Сааков менен башкы инженер А.Д.Жумагулов ишке киргизишкен. Өткөн кылымдын 70-жылдарда нефть жана газдын жаңы кендери ачылып, аларды бургулоого жаңы технологиялар, улам жаңы үлгүдөгү техникалар колдонулуп келген. Ошондо атайын диспетчердик кызматтар киргизилип, скважиналар менен сордуруучу станциялар, аралыктан башкаруучу автоматтык каражаттар менен жабдыла баштаган.
-“Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коому болуп качан түзүлдү?
– 1997-жылы КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык “Кыргызнефть” өндүрүштүк бирикмеси “Кыргызнефтегаз” ААК болуп кайра түзүлгөн. Учурда ал Кыргызстандагы рынок шартына ийгиликтүү ылайыкташкан ишканалардын бири десем болот. Ишкана жыл сайын өзүнө белгиленген өндүрүштүк жана финансы- экономикалык программаларды жогорку рентабелдүүлүктө жүзөгө ашырып, социалдык-маданий инфратүзүмдү каржылап келүүдө. Ошондой эле тышкы экономикалык ишмердикти да ийгиликтүү жүргүзүүдө. 1991-жылы рынок экономикасына өтүү шартында “Кыргызнефть” өндүрүштүк бирикмесинде нефть өндүрүү жана кайра иштетүүдө олуттуу көйгөйлөр жаралган. 1996-жылы октябрь айында Жалал-Абад шаарында кыргыз-канадалык “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы жылына 500 миң тонна нефть иштетүүчү заводду куруп, пайдаланууга бергенден кийин кырдаал оң жагына чечилген.
-Азыркы сиз айткан заводду сатып алуу демилгеси ким тараптан болду?
– 2012-жылы бул заводду “ Кыргызнефтегаз” ААК сатып алды. Мындай батыл кадамга жалпы эл, “Кыргызнефтегаз” ААКнын эмгек жамааты колдоо көрсөттү. Ошол эле учурда Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев жана ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өздөрү көзөмөлгө алышты.
-Сиздердин ишкана канча кишини жумушчу орун менен камсыздайт?
-Ушул тапта бизде 2500гө жакын адам эмгектенет. Нефтегаз тармагынын өзгөчөлүгү эмгек жамааттын туруктуулугунда. Мындай салт тармакты мурда жетектеп кеткен кесипкөй жетекчилер калтырышкан.
Ал эми учурда “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкаруу командасын эртеңкиге ишенимдүү жол баштаган Ж.Н.Жумашов, К.Д.Масиров сыяктуу жаш адис нефтичилер жетектейт. Ошону менен бирге Т.Т.Мураталиев, Б.М.Султанов, З.Ж.Ажыкулов, М.К.Абылов, О.К.Нурумбетовдордун аракети менен Кыргызстандын нефтегаз тармагында зор өзгөрүүлөр башталды. Ал эми ишкананын финансы-чарбалык ишмердиги мамлекеттин жана жамааттын кызыкчылыгы үчүн ачык жүргүзүлө баштады. Нефтичилердин социалдык абалы жакшырды. 2009-жылы алардын айлык маяналары 8 миң сом болсо, учурда 19 миң сомго жетип отурат. Мындан тышкары, 13-маяна да төлөнөт. 2015-жылдын бюджетине айлыкты көбөйтүү тууралуу сунуш киргизип жатабыз.
-Нефть менен газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
-Бул багытта атайын техникалар менен жабдууларды сатып алууга жетиштик. 20 жылдан бери 2011-жылы алгачкы жолу Кытай өндүрүшүнөн чыккан жаңы заманбап бургулоочу жабдуу сатып алынып, натыйжада 2010-жылы 70 миң тонна нефть өндүрүлсө, 2011-жылы көлөм 77 миң тоннага чейин көбөйдү. Ал эми газ өндүрүү боюнча 15 млн. м3, 2013-жылы 32 млн. м3 га чейин жетти. Бургулоо иштеринин көлөмү 2009-жылдагы 2836 погондук метрден, 2012-жылы 16 462 погондук метрге көбөйдү. Анын эсебинен жаңы нефть жана газ скважиналары катарга киргизилди.
-Мамлекетке төгүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү кандай?
-Мамлекеттик бюджетке салык, социалдык төлөм жана дивиденд түрүндө акча төлөмдөрдүн көлөмү да кыйла өстү. Мисалы, 2009-жылы 153 млн. сомду түзсө, 2013-жылы бюджетке 691 млн. сом, тагыраак айтканда төрт жарым эсе арбын акча которулду. Салыктын 14 түрүн төлөйбүз. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгында 450 млн. сом өлчөмүндө салык төктүк. Ал эми 2014-жылдын жыйынтыгында 700 млн. сомдун тегерегинде салык төлөйбүз деп турабыз. 2015-жылга салыктын көлөмү миллиарддан ашырабыз деген максатыбыз бар. Облустун бюджетине болгон 30%, райондун 85% салыгын биздин ишкана көтөрүп келет.
Айтсаңыз, 2014-жылга нефть жана газ боюнча план кандай коюлган?
-Негизинен нефтинин планы 77 миң тонна, газдыкы 28 млн. м3. Ноябрь айынын жыйынтыгы менен газга болгон план толугу менен аткарылды. Бургулоо боюнча коюлган план 16 500 м. Пландагы көрсөткүчтөрдү аткарууга толугу менен мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кийинки жылга 21 500 метр белгиленген. Быйылкы жылга 4 скважинаны кошконбуз, бул дагы кошумча болмокчу. 2015-жылга нефтинин көлөмүн 80 миң тоннага жеткирүү планыбыз бар. Ал эми газдыкын 29 млн. м3га жеткиребиз деген ниеттебиз. Биздин жумушчулардын, жетекчиликтин, геолог-инженерлердин изденүүлөрүнөн улам 561-скважинадан суткасына 15 миң м3 кошумча газ алына баштады десек болот. Ошондо бир күндө 130 миң м3 алына баштады.
– Алдыга дагы кандай максаттарды коюп жатасыздар?
– Алдыга коюлган максаттарыбызды жүзөгө ашыруу үчүн “Кыргызнефтегаз” ААК өз курамында төмөндөгү ишканаларды түздү: Сузак жана Лейлек районунда нефть өндүрүүчү участкалары бар нефтегаз өндүрүү башкармалыгы, бургулоо иштеринин кыргыз башкармалыгын, технологиялык транспорт башкармалыгын, мындан тышкары, “КНГ” ААКнын курамында газ сатуу, өндүрүштү автоматташтыруу жана шаарды суу менен камсыздоо участоктору да бар. “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкы максаты – нефть жана газ өндүрүүнүн көлөмүн, кирешелердин эсебин жылдан жылга көбөйтүү болуп саналат. Акыркы төрт жылда киреше 30 эсе жогорулады. Белгилей кетсем, 2009-жылы 18 млн. сомду гана түзгөн болсо, 2013-жылы 535 млн. сомго жетти. Мындан тышкары акыркы мезгилдеги чоң жетишкендик катары Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК акцияларын “КНГ” ААКнын өз каражаттарынын эсебинен 4,7 млн. долларга сатып алганыбызды айтсак болот. “КПК” ЖАКнын 2013-жылдагы ишмердиги ишкана үчүн 6,2 млн. доллар таза киреше алып келди. Быйылкы жылы андан да жогору киреше алабыз деп күтүп жатабыз. Бизди иштете албай токтотуп коюшат деген өңдүү терс пикирлер да болгон. Бирок, ишти өз режиминде, үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүп келебиз. Төрт жылдын ичинде атайын техниканын түрлөрүнөн 51 даана сатып алдык. Ага кошумча, быйылкы жылы 3 даана алдык. 2015-жылга 21 даана техникалык жабдуу алууну пландап жатабыз. Бардык финансы-экономикалык жана өндүрүштүк ийгиликтерге ишкананын ишин туура уюштуруу жана ачык жүргүзүү алып келди десем жаңылбайм.
-Инвесторлорду тартуу боюнча кандай иштер аткарылып жатат?
-Бүгүнкү күндө 12 чет элдик компания иштөөдө. Басымдуу бөлүгү – Кытай республикасынан келген компаниялар. Түркиядан, Кореядан келген компаниялар менен да иштешип жатабыз. Быйылкы жылы бизде чоң өзгөрүү болду. Кытайдын “Средазпетролеум” компаниясы 25 скважинаны ишке киргизүүдө. Бул компаниянын көмөгү менен иштин көлөмү 12 эсеге жогору болмокчу. Мисалы, суткасына 100 тонна болсо, анын 60ы бизге, калган 40 тоннасы ал компанияга тийиштүү болот. Кийинки жылы “Кыргыз Жер” компаниясы өз жабдыктары менен келишип, биз менен иштешмекчи.
-Кызматкерлерге кандай кам көрүлөт? Бул багытта профсоюздук комитет өз ишин кандай аткарат?
-Профсоюздук комитеттин төрагасы Акынбек Райымкулов. Республикалык деңгээлде профсоюздук комитеттердин жетекчилеринин конференциясы бизде өттү. Натыйжада, келгендердин баары Акынбек Бостонбаевичтин эмгектерине суктануу менен узашты. Эмгек жамааттын ден соолугун чыңдоодо, аларды эс алдыруу максатында, өлкөбүздөгү бир топ курорт-санаторийлер менен келишим түзүлүп, кам көрүлүп турат. Учурда 2 бала бакча иштөөдө. Ал эми үчүнчү бала бакча курулуп жатат.
– Биз билгенден, ишкананын футболдук командасы бар эле. Сиздер тараптан аларга, дегеле спортко кандай колдоолор болуп жатат?
– Өнүгүүнүн бир жолу бул – спорт. Биздин “Нефтичи” футболдук командабыз азыр да ойнойт. Кыргызстанга маалым өзүнүн жагымдуу тарыхы бар. 2011-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, башка дагы мамлекеттерге чыгып жүрөт. Ошондой эле “Кыргызнефтегаздын” жылда өткөрүлүүчү республикалык деңгээлде кубогу бар. Кочкор-Ата шаарында атайын биздин ишкана тарабынан курулган спорттук аянтчалар бар. Кышында да ойноого мүмкүн болгон стадион куруп бергенбиз. Ал стадиондор күнү-түнү, тынымсыз иштейт. Кыскасы, шаар ичинде бош жүргөн өспүрүм балдарды көрбөйсүз. Бош убактыларында спорт менен алектенишет. Ушунун өзү чоң жетишкендик деп эсептейм.
– “Кыргызнефтегаздан” Кочкор-Ата шаарына кандай жардам берилет?
– Шаар түптөгөн ишкана катары “Кыргызнефтегаз” ААК Кочкор-Ата шаарынын калкын таза суу, газ менен камсыздайт. Ошондой эле негизги көчөлөрдү, скверлер менен парктарды, маданий жана башка коомдук объектилердин абалын көзөмөлдөп, жаңылап жакшыртып турат. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу жашоого, эс алууга, спорт менен машыгууга шарт түзөт.
“Кыргызнефтегаз” ААК бүгүнкү күндө республикабыздын нефтегаз өнөр жайындагы жалгыз ишкана бойдон калууда. Ошону менен бирге тармакка тиешелүү геологиялык чалгындоо, геофизикалык изилдөө, чалгындоочу жана иштетүүчү скважиналарды бургулоо, нефть менен газды траспорттоо, нефть продукциясын кайра иштетүү жана сатуу, кендерди өздөштүрүү, турак-жайларды жана социалдык-маданий объектилерди куруу, технологиялык транспорт менен камсыздоо сыяктуу көптөгөн милдеттерди аткарып келет.
Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА


Leave a Reply