Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун: “Атамбаев колдобосо Салянова ойдо жок карьераны жасай алмак эмес”
“Экс-генпрокурор Аида Салянованын отставкасы боюнча комментарий берейин деген максат менен “24kg” жана “Кабар” агенттигине барсам, жетекчилери менин өтүнүчүмдөн баш тартышты. Алардын позициясын түшүнбөй калдым. Акаевдин заманы артта калды деп ойлогом. Айла кеткенде “АкиПресске” кайрылууга туура келди”, – деп кеп баштады Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунов 13-евралда аталган агенттикте өткөн маалымат жыйынында.
– Чынында азыркы бийликке ичим толбойт. Бирок, бүгүн Президентти, парламентти жана Өкмөттү сындайын деген ниетим жок. Болгону “Президент тарабынан колдоо сезилбегендиктен, арыз жаздым” деп Аида Салянованын айтканы боюнча өз пикиримди билдиргим келди.
Калыстык үчүн айтсам, Президент Алмазбек Атамбаев ага ар тараптуу колдоону абдан эле көрсөттү. Анын колдоосу менен коррупцияга каршы башкы күрөшүүчү катары таанылды. Буга жалпы калайык калк деле күбө. Атамбаев болбосо бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция менен күрөшө алат беле? Ырас, өзү да жаман иштеген жок. Экөөбүз жердеш болгондуктан, ал үчүн сыймыктанам. 5-6 жыл мурда Жогорку Кеңештин аппаратында кагаз ташып, ары бери чуркап жүргөн жаш кыз эле. Жаштыгына карабай Президент колдогондугу үчүн ал ойго келбеген карьера жасады.
Мыйзам боюнча Генералдык прокурордун укуктары абдан чоң. Ага мамлекеттик жетекчилердин колдоосунун зарылчылыгы жок. Тескерисинче, анын ишине Президенттин жана башка жогорку даражалуу чиновниктердин да кийлигишүүгө акысы жок. Ошондуктан, колдоо күтпөй эле өз милдетин аткара берсе болмок.
Айтылбай турган сөз эле демекчи, Аида Жеңишбековна жогорку бийликтин көрсөтмөсү менен оппозициялык маанайдагы депутаттар менен чиновниктерге кылмыш ишин козгогондугун адилеттик үчүн кошумчалай кетейин. Ал бийликти жактагандарга тийген жок. Бийлик партиясынан бир эки адамга иш козгоду, бирок алар аман эсен кутулуп кетишти.
Салянова кызматта турган кезде кылмышкер Батукаев деген абактан бошотулуп, Кыргызстандан артын карабай качып кетти. Генпрокурор анын бошотулушунда эч кандай мыйзам бузулган жок деп айтканын бүтүндөй эл укту.
Кызматтан кеткенден кийин Аида Салянова партия түзөм, парламенттик шайлоого катышам деп жатат. Карап көрсөк, айрым саясатчылар Президенттин же парламенттин колдоосу менен чоң кызматтарга жетишет да, отставкага кетирсе, партия түзүп кайрадан бийликке кайтып келүүнүн камын көрүшөт. Кызматта турган кезинде бийликтин ырдашат да, кетээр менен сындоого өтүшөт. Бул айыкпас илдет сыяктуу сезилет.
Эгер Президенттин айланасындагылар бут тосуп, ишине кийлигише баштаганы анык болсо, эмне үчүн маселени мамлекет башчысы менен ачык чечпейт же парламентте айтып чыкпайт? Аргасы куруса калайык калкка кайрылуу жасабайт беле? Өкүнүчтүүсү, Аида Салянова кыска ойлонуп, амбициялуу саясатчылардын катасын кайталады.
Чейрек кылым Кыргызстандын саясий турмушуна аралашып жүрүп, мына быйыл араң дегенде укук коргоочулардын партиясын түздүк. Биз буга чейин эл эмне дейт деп абдан ойлончубуз. Азыркы жаңы муундагы саясатчыларда андай сезимдин жоктугу мени абдан кооптондурат.
Аида Салянова “өмүрүм коркунучта” дейт. Антип айтардан мурда ойлонуш керек. Акаев менен Бакиевдин тушундагы коркутуп-үркүтүүлөр, токмоктоп же өлтүрүп кетүүлөр азыр жок. Биз башыбыздан өткөргөн кыйынчылыктарды Салянова көргөн жок. Көп жылдык тирешүүлөрдүн натыйжасында гана биз демократиялык ачык коомду курууга жетиштик. Ошонун аркасы менен Аида Салянова өз оюн тартынбай айтып жатат. Акыркы төрт жылда атайылап өлтүрүү, кыйноо же куугунтуктоо дегенди уккандар барбы? Албетте, андай мисалдар жок. Андыктан, ар бир сөздү ойлонуп сүйлөсө туура болмок.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply