Кальмира

Кыргызстанда тигилген кийимдер Россия жана Казакстан рыногунда жогору бааланып, кеңири суроо-талапка ээ. Кезинде үй шартында башталып, кичинекей цехтен чакан фабрикаларга айланган ири тигүү компаниялары өсүп чыкты. Биз тигүү тармагында өнүгүү жолуна түшүп бараткан орто ишканалардын бири – “Кальмира” компаниясынын директору Итикенова Кальмира Качкынбековнаны кепке тарттык.

Кальмира эже, силердин компания тигүү тармагында кайсы убактан бери иштеп жатат?

– Биз тигүү тармагында 1997-жылдан баштап иштеп келебиз. Бирок, компания катары өз брендибиз менен иштеп жатканыбызга 3-4 жылдан ашты. Биз айымдардын сырт кийимдерин тигип, Россия, Казакстан рыногуна чыгарабыз. Алгачкы мезгилдерде өзүбүздүн рынокто иштегенбиз. Кийин Россиядан дүңүнөн иштеген кардарларды таптык. Продукциябызга суроо-талап өскөндөн кийин өндүрүштү кеңейттик. Албетте, бизде сапат жана өндүрүш көлөмү жагынан проблемалар болбой койгон жок. Кесибим экономист болгондуктан тигүүчүлүк мен үчүн жаңы болуп, бир кесиптен экинчи кесипке өтүү кыйын болду. Ошондуктан рынокту изилдеп, кардарлар менен сүйлөшүп, алар эмне каалайт, кандай товар кызыктырат ошону билип, суроо-талапка ылайык жаңы моделдерди иштеп чыгып, анан сатыкка алып чыгышка туура келди. Себеби, биз сунуш кылган кийимдер көпчүлүккө жакпай, сатылышы кыйын болот экен.

– Кыргыз тигүүчүлөрү кийим тигүү сапаты жагынан эч кимге алдырбайт. Бирок чыгарган продукциянын материалы, кездеме сапаты жагынан аксап жаткан жокпу? Мисалы, мен базардан Кыргызстанда тигилген кийимдерге атайын кызыгып көрдүм. Аларда дээрлик пайдаланылган материалдардын, кездеменин сапаты начар. Бул жагына көңүл бөлүү керек го.

– Сиз туура айтып жатасыз. Чын эле кардар сапаты мыкты, баасы арзан товар алгысы келет. Бирок бул биздин шартта кыйын. Корея, Түркиянын сапаттуу кездемелерин алып тиге турган болсок, товардын өз наркы кымбаттайт. Мадинадан кымбат эмес кездемени алууга болот жана өз наркы да ага жараша арзан. Мисалы, майда ишканалар салыктан жашырып, энергияны, дагы башка нерселерди үнөмдөшүп чыгарган товарынын өз наркы арзаныраак болгондуктан, арзан сатышат. Бирок, алар продукциясын ушунча арзан сатып, кантип иштеп жатышат, түшүнбөйм. Алардын тиккен кийимдери биздин чыгарган продукциябыздын өз наркынан да төмөн баада сатылат. Бизде компания товарга кеткен чыгымдардан тышкары салыктарды, ижара акы жана башка төлөмдөрдү төлөп отуруп, чыгарган товардын өз наркы кымбат болуп кетет. Башында менден да дүңүнөн алып рынокто сатышкандар болгон. Алар: “ кудум сиздикиндей костюм турат, бирок ал 150 сомго арзан баада”- деп айтышты. Мен андан арзандата албайм, кааласаң ошол жактан ал дедим. Ал бир жолу алардан алды, ошону менен башка алган жок. Себеби, биздикин толук сатып түгөтүшкөн, ал эми тигилердикинин өтүшү кыйын болгон. Алардын размерлери да стандартка туура келе бербейт, 50-размери биздин 44-размерге чак болот. Себеби, кездеме башка материалдар үнөмдөлүп, ушундан тиги 150 сом айырма чыгат. Эми аларды да түшүнүүгө болот, акча табыш керек да. Бирок алар тигүүчүлөрүнө кантип акы төлөшөт, билбейм. Биз тигүүчүлөрүбүзгө өз убагында айлык төлөйбүз, кечигүү болбойт. Кардарларды алдабай таза иштегенге аракеттенебиз. Бааны өз наркынан ашык көп деле көтөрбөйбүз. Кеткен чыгымына жараша баа чыгат. Сапаттуу, кымбат кездеме болсо, сөзсүз товардын баасы да кымбат болот. Биз учурда сапаттуу, бирок кымбат эмес продукция чыгаруу жолун издеп жатабыз. Мында бизге Эл аралык соода борбору (ITC) жардам берип жатат.

Баса, Кыргызстандын тигүү компаниялары Эл аралык соода борборунун программасына катышуусу боюнча айтсаңыз. Бул программа силерди эмнеге үйрөттү жана алардын иш технологиясын өндүрүшкө киргизүүгө мүмкүн болдубу? Дегеле, бул программа силерге эмне берди?

– Башында бул программага катышуу керекпи же жокпу деп ойлонгон элем, азыр катышканым үчүн ыраазымын. Мына 2 жылдан бери бул программа менен иштешип жатам. Алар бизге жаңы моделдерди иштеп чыгууда семинар-тренингдерди өткөрүшөт. Биздин технолог 3G-Tailor системасы, башкача айтканда тез тигүү боюнча тренингге катышып, натыйжада азыр өндүрүштүн бригадалык ыкмасына өтүүнү пландаштырып жатабыз. Бул система боюнча эч тажрыйбасы жок эле адамды үйрөтүп алууга болот. Мурда “тиккенди билбесең, жумушка албайбыз” деген принцип болчу. Бул биздин иштин өндүрүмдүүлүгүнө, өндүрүш көлөмүнө, сапатына аябагандай чоң таасирин берет. Тренингдерден кийин бизге атайын даярдалган эскерткич, рекомендацияларды беришти. Көргөндү дароо эле толук үйрөнүп кете албашың мүмкүн, жок дегенде 50% үйрөнсө, калганын иш процессинде алар берген рекомендациялар менен иштеп, каныгып кетишет. Квалификациялуу оператор деген эмне, эмне үчүн окуш керек, инструктор деген эмне, фабрика деген эмне, аспап-жабдуулар, илим эмнеге жетишти, булардын баарын бизге окутушту. Мындан тышкары программага катышуучу ишканага бирден куратор бекитилген. Биздин ITC боюнча кураторубуз – Дамира Айтикеева. Ал биз эмнени үйрөндүк, текшерип кеңештерин берип турат. Биз программанын рекомендацияларын акырындан өндүрүшкө киргизип жатабыз жана реалдуу түрдө жакшыруу жүрүп жатканына ынандык. Программанын тренерлери ишканабызга келишип, биздин иштөө шартыбыз менен таанышып, талапка жооп береби, чектелген жумуш күнү, коопсуздук техникасы сакталабы, ушунун баарын көрүп, сунуштарын, сын-пикирлерин айтышат.

Өндүрүштү уюштуруу иштеринен тышкары программанын колдоосу менен быйыл Москвада өткөн “Текстильлегпром” көргөзмөсүнө катышып, жаңы моделдерди иштеп чыгуу жана таанытууда чоң тажрыйба алдык. Дүңүнөн алуучу кардарлар менен ортомчусуз байланыштарды түздүк. Февралда бул көргөзмөгө дагы барып реалдуу заказчиктер менен байланыштарды бекемдеп келүүнү көздөп жатабыз. Мындан тышкары Шанхайга текстиль көргөзмөсүнө бардык. Ал жерден кездеме фабрикасы менен ортомчусуз иштөө мүмкүнчүлүгүнө көзүбүз жетти. Бизди Кычао шаарына алып барышты. Ал жакта жалаң кездемелер чыккан фабрикалар экен, тим эле башың адашат. Бирок керек нерсени табыш үчүн бир эле барган жетишсиз. Эң негизгиси программа бизди алар менен кантип иштөөнү үйрөттү. Фабрикалар менен түз байланышып, жеринде келишим түзүп кездеме алууга шарт түзүлүп жатат. Эми биз чыгарган продукциябыздын баасын арзандата алабыз деп ойлойм. Көрсө, Кычаодогу фабрикалар ошол эле Корея, Түркия заказы менен кездемелерди чыгарышат экен. Алар өздөрүнө алып кетишип, анан ал жактан бизге үстөк баасы менен келерин түшүндүм. Фабриканын өзү менен келишип алсаң, кездеменин баасы Мадина базарындагыдай эле болуп калат. Демек, сапаттуу, бирок баасы кымбат эмес кездеме менен арзан продукция чыгарууга жетише алабыз деп ойлойм.

Бажы биримдигине кирүүгө конкреттүү кадамдар жасалды. Бул тигүү тармагы үчүн эмне берет?

-Чынын айтсам, биз Бажы биримдигинен көптү күтүп жатабыз. Биринчи кезекте бизге жеңилдиктер болот деген ишенимдебиз. Өндүргөн продукцияларыбыз эч тоскоолдуктарсыз Россия, Казакстан рыногуна чыгат. Биздин жүктөр чек арада кармалып, белгиленген жерге кечигип жеткен учурда сезон өтүп кетип, биз да, кардарларыбыз да жабыр тарткан учурлар болду. Эми бул проблема болбойт деп ишенебиз. Бирок, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө бирдей бажы тарифи болот деп угуп жатабыз. Андай болгондо бизге келген кездемелерге ошол эле Россиядагыдай бажы төлөмдөрүн төлөөгө туура келет. Демек, кездеменин баасы өсөт. Мунун биздин продукциянын өз наркына таасири болот. Бул биз үчүн ыңгайсыз жагы. Бирок, келечеги жакшы болот деп үмүттөнөм.

– Рублдин кунунун түшүшү компаниянын товар жүгүртүүсүнө кандай таасири болушу мүмкүн? Бул жагынан силерде коркунуч барбы?

– Эгерде биз рубль менен соода кылсак, анда катуу таасири болмок. Биз доллар системасы менен иштейбиз. Рубль боюнча айтсак, биз эмес, көбүнчө биздин Россиядагы кардарлар жабыр тартып жатат. Бизден товарды долларга сатып алышат, товар алыш үчүн доллар сатып алыш керек болот. А доллардын курсу өсүп, рубль аябай түшүп кетти. Бизге да анча-мынча таасири бар, ар бир кардар кымбат болгондуктан арзандатууга барабыз. Бизде болсо рублдин наркынын түшүшүнөн кичинекей компаниялар жабыр тартышат. Алар иш жүзүндө эч кандай пайда деле албай калышы мүмкүн. Биздин компания 7 ай иштейбиз, 5 ай моделдерди иштеп чыгуу менен алектенебиз. Менин сезонум февралдан августка чейин созулат.

– Товардын сапаты бүт бойдон адамдан көз каранды эмес. Сапаттуу кийим чыгаруу үчүн заманбап мыкты тигүү машинасы керек. Бул жагынан абалыңар кандай?

– Албетте, азыр эң жаңы жабдуулар бар, бирок алар өтө кымбат. Бизге азыр кымбат турган жабдууларды сатып алуу кыйын. Бирок биз аракеттенип жатабыз. Сапат үчүн эң зарыл техникаларды алууга туура келет. Эгерде тигүүчү мыкты болсо, анда жөнөкөй эле жабдуу менен абдан сапаттуу продукция чыгарууга болот. Айрым ишканалар тигүүчүлөрүн кыскартып, кымбат турган жабдууларга өтүп жатышат. Алар автоматтык түрдө стандарт боюнча баарын жасайт. Бул тигүүчү эмес, көбүнесе компьютерчинин иши болуп калат. Биз да кайсы бир убакта буга келебиз деп ойлойм, азыр андай мүмкүнчүлүккө жете элекпиз.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА