турсунбек1

Мындай пикирин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 24-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде берген маегинде белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  маалымдады.

Түз эфирдин жүрүшүндө фракция лидери Ч.Турсунбеков КР Өкмөтүндөгү айрым министрликтердин башчыларына кадр дайындоо боюнча пикири менен бөлүштү. Ч.Турсунбеков Саламаттыкты сактоо министрлигине 20 жылдай чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтогон адис Талантбек Баатыралиевди алып келишкендигин, топтогон иш тажрыйбасын өз өлкөсүнө пайдалануу менен бул тармакка өзгөртүү киргизүү максаты коюлгандыгын айтты. Фракция лидеринин айтымында, Билим берүү, илим министрлигине дайындалган Элвира Сариевага Өкмөттүн социалдык тармагын жетектеп, билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында бул тармакка кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе боло тургандыгы боюнча алгылыктуу идеяларын ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой эле айыл өкмөтүнөн тартып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейинки кызмат тепкичтерин басып өткөндүгүн эске алуу менен Эмгек, миграция, жаштар иштери боюнча министрлигине Айбек Азыранкуловдун талапкерлиги жактырылып, Жогорку Кеңешке сунушталган. Ал эми КР Өкмөтүнүн социалдык тармакты жетектөөчү вице-премьер-министрлик кызматына депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги анын Жогорку Кеңеште 4 жылдан бери Социалдык саясат боюнча комитетти жетектеп, социалдык көйгөйлөрдү ийне-жибине чейин билгендиги эске алынган.

Мындай тандоолор КСДП фракциясынын тиешелүү тармактарды алга жылдырууда татыктуу кесипкөй адистерге мүмкүнчүлүк берүүгө негизделгендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Ч.Турсунбеков угармандардын суроолоруна жооп берип, электр кубатынын альтернативдүү булактарын пайдалануунун оң, терс жактары, Талас облусундагы төөбуурчак өндүрүүнүн, экспорттоонун айланасында түзүлгөн кырдаалдын келип чыгышына жана башка маселелерге токтолду.