ала-арча тазалоо

2014-жылдын 17-декабрында Ала-Арча дарыясына топтолгон музду тазалоо иштери улантылууда.

Биринчи май районунда 2014-жылдын 24-декабрында Малдыбаев көчөсүндөгү «Космос» дүкөнүнүн жанында: КРнын ӨКМнен 1 самосвал жана 1 адам,“Жашылдандыруу” ишканасынан 8 адам, “Бишкек жылуулук тармагы” коммуналдык ишканасы тарабынан 1 самосвал, 1 адам,“Гранстар” ЖЧКнан 1 эксковатор, 1 адам,  №3-СМУ ишканасынан 1  самосвал, 2 адам иштеп, аткарылган иштин көлөмү 400 м3 түздү.

Ленин районунда 2014-жылдын 24-декабрында Рыскулов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта: №12-“ЭК” ишканасынан 1 эксковатор,“Жашылдандыруу” ишканасынан 2 жүк ташуучу трактор тартылып, «Бишкек суу чарба» ишканасынан 1 самосвал иштеп, аткарылган жумуштун көлөмү 380 м3 түздү.

2014-жылдын 24-декабрына аткарылган жумуштун көлөмү 780м³ түзгөн, жалпы жумуш башталгандан бери аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 14762м³ түзөт.