КР УИАнын жана Турциянын илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин ортосунда илим жана техника жаатында Кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду
Илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча Протоколго КР Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана Турциянын («Тюбитак») илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин Президенти, профессор Южаль Алтунбашак кол коюшту.
Бул кол коюу өткөн 2014-жылдын ноябрь айындагы КР УИАнын президентинин «Тюбитактын» өкүлү Муслим Гузель менен жолугушуусунун, уюмдун ишмердүүлүгү менен тааныштыгынын жыйынтыгы болду.
«Тюбитак» 1963-жылы түзүлгөн, анын негизги максаты илимдин жана алдыңкы технологиянын өнүгүүсүнө дем берүү, ошондой эле жаш окумуштууларга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул уюм Турциянын премьер-министрине илимий жана изилдөө иштери боюнча рекомендацияларды иштеп чыгып анын отчетторун жөнөтөт, ал ошондой эле илим жана технологиялар боюнча Жогорку Кеңештин секретариаты – SCST болуп эсептелет. Агенттик ар түрдүү инновациялык жана изилдөөчү иштер боюнча колдоо көрсөтөт. Тактап айтканда анын ишинде илим жана алдыңкы технологиялар боюнча мамлекеттин саясатын иштеп чыгууга басым жасалат. «Тюбитак» ошондой эле университеттердин жана башка уюмдардын изилдөөчү иштерин финансылоо, илимий эмгектерди, китептерди жана журналдарды жарыялоо менен алектенет, студенттерге стипендия бөлөт жана илим жаатындагы окумуштууларга жетишкендиктери үчүн премия берет. Ошону менен катар «Тюбитак» Стамбулдун чет жагында, Гебз өнөр жай зонасында түрк жана чет элдик окумуштуулардын катышуусунда илим маселелери оюнча конференцияларды өткөрөт. Ал жерде «Тюбитак» жана Европа космикалык агенттиги менен биргелешип аэрокосмикалык маселелер боюнча конференция өткөрүлгөн, анда Жердин алгачкы түрк спутнигин жыйноо маселеси чечилген.
«Тюбитак» нанотехнология тармагындагы жаңы иштелмелер менен алектенген институттарга жана борборлорго жардам берет. Анын жардамы менен Турцияда нанотехнологиялардын Улуттук изилдөө борбору түзүлгөн, ал Борбор наноэлектроникалар, нанофотоникалар, нанотекстиль, жогорку ылдамдыктагы лазерлер жана спектографтар, наномагниттик сенсорлор жана нанометрикалык шкалалар тармагындагы изилдөөлөр менен иш алып барат. Илим жана технологиялар тармагындагы эл аралык кызматташуу жагынан жоопкерчилик алган «ТЮБИТАК», ЕБнын Алтынчы Алкактык байланыштын улуттук уюму болуп эсептелет.
КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү


Leave a Reply