joomart-otorbaev

“Биз эч нерсени жашырбай ачык иштейбиз,”- деп белгиледи 20-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, өкмөт журналисттер менен көп жолугушууларды өткөрөт. «Журналисттер деле алардан чарчашса керек», – деп тамашалады ал. Өзүнүн сөзүн баштап жатып, премьер-министр, 2014-жыл оор жылдардан болгонун, бирок ага карабай бардык чөйрөлөрдө реформалар жүргүзүлгөнүн билдирди. 2015-жылга пландар тууралуу айтып жатып, Ж.Оторбаев, өлкөдө чоң саясий окуя – Жогорку Кеңешти шайлоо жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү болорун эскертти.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА