Алымкожое

Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары өзүнүн күчтүү армиясына ээ болууга милдеттүү. Ушул өңүттө кыргыз армиясынын абалы туурасында генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен пикир алыштык.

– Асанбек Тунгучбаевич, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы болуп түзүлгөндөн бери кандай иштер жасалды?

– Күч түзүмдөрүн реформалоонун алкагында Куралдуу Күч түзүмдөрү, анын ичинде Коргоо министрлигиндеги бөлүктөр, Чек ара кызматы, Улуттук гвардия бириктирилип Башкы штаб болуп түзүлгөн. Баштапкы алдыга коюлган өз милдеттерибизди аткарып жатабыз. Негизги милдетибиз – Куралдуу Күчтөрдүн даярдыгы жана иш алып баруусун көзөмөлдөө.

– Армияны каржылоого канча каражат сарпталат, мамлекет бөлгөн каржы бардык кем-карчты жабабы?

– Бөлүнгөн каражат жетет деп эч ким айта албайт. Биз сураган суммадан 40-50%ы гана берилсе керек. Аскерлердин социалдык абалы жакшы деп айтууга болбойт, көйгөйлүү маселелер бар. Аскер кызматкери чыныгы профессионалдуу деңгээлде  офицер болуп, бар дүйнөсүн элине кызмат кылуу деп ойлоно турган болсо, үйдөгү проблемалар анын оюна келбеш керек. Ниетинин бардыгын кызматка жумшап, батириме, электр жарыгына, үй-бүлөмө акча керек эле деген суроолор болбоого тийиш. Тилекке каршы, ушундай көйгөйлүү проблемалар бар. Бир жоокердин бир күндүк тамагына 150 сом бөлүнөт. Жылдын аягына чейин бул баа 160-170 сом болуп кетиши мүмкүн.

– Моноулуттуу армияны көп улуттуу курамга жеткирүү милдети коюлду эле. Бул тапшырма аткарылып жатабы?

– 1992-жылдары Куралдуу Күчтөрүнө жаңы келгенимде офицердик курамдын дээрлик бөлүгүн орус улутундагылар  түзчү. Азыр Бишкек эле эмес, республиканын аймактарында орус улутундагы жарандар жокко эсе. Бири көчүп кеткен, экинчиси пенсия курагына келип калды дегендей. Учурда офицердик курамдын 3%ын орус улутундагылар, негизги курамдын 90%ын кыргыздар түзөт. Калган 7%ын башка улуттун жарандары түзүшү мүмкүн. Өлкөбүздүн Ош аймагында, бирин-экин өзбек улутундагы жигит кызмат өтөйт. Чүй аймагында айрым дунган улутундагы жарандар бар. Нарын, Талас, Ысык-Көл аймактарында орустар деле калбай калды. Чындыгында  азыркы тапта армияга өз каалоосу менен кайрылган жигиттер да арбын. Анткени,  армия аркылуу жумушка кирүү, армиянын өзүндө калып, келишимдин негизинде иштөөгө болот. Дагы бир жагдай, жогорку окуу жайын бүткөн бала армияда кызмат өтөбөсө, анда ал мамлекеттик жумушка алынбайт. Армияга барууну каалагандар абдан эле көп, бул нерсе бизди сыймыктандырат.

– Кыргыз армиясынын Уставы, өз ара мамилелери орусиялык армияныкындайбы же башка Түркия, НАТО аскерлеринин да жакшы үлгүлөрү колдонулабы?

– СССРдин курамынан бөлүнгөндөн  кийин уставдарыбыз, документтерибиздин баары тең ошолордон калган. Бардыгын  кыргыз тилине которуп, кыргызча иш жүргүзөбүз. Баштапкы тажрыйбаны чийип салганга болбойт. Анткени, ал аскер тарыхынын бир бөлүгү бойдон кала берет. Ааламдашуу доорунда алдыңкы үлгүлөрдүн баарын эле  алганга аракет кылабыз. Тактика, техниканы колдонуу жагында дээрлик  НАТОнун инструкторлору иштейт. Байланыш тармагындагы жабдуулардын баары НАТОлук стандарт болду.

– Соңку жылдары кыргыз армиясында ур-токмоктон мерт болгон, өз жанын өзү кыйган окуялардын кайталанбашына кандай чаралар көрүлүүдө?

– Армия – Кыргызстандын бир бөлүгү. Өз элин коргойт. Колдон келишинче армиядагы абалды, армиянын күчтүү болушуна күч жумшайбыз. Жеке мен штабдын башчысы катары кыргыз армиясында мындай көрүнүштөрдүн катталбашына болгон аракеттин баарын кылуудамын. Бир жоокер өзүнө тың, экинчиси  чабал болуп калат. Ырас, командирлерден тартипке салуу, түшүндүрүү иштерин дыкат жүргүзүү, өзгөчө көзөмөлгө алууну талап кылам. Жоокер, башын жерге салып, башкача абалда жүрсө, эмне болгонун, кандай маселеси бар экенин тактагыла, чара көрүп, жардам бергиле деп дайым көзөмөлдөйм. Армияда катталган окуялардын баарын Аскердик прокуратурага өткөрүп беребиз. Бизде жаап-жашыруу жок. Алгач административдик иликтөө жүргүзүп, ал жерде командирдин күнөөсү  же ал жерде шарт туура эмес жагдайда болсо өз жазаларын алышат. Колубуздан келишинче тартиптин сакталышына, өлкөбүздүн коопсуздугуна кам көрүүдөбүз.

– Кыргызстанга кайсы тараптан коркунуч бар жана сырттан кол салуунун мизин кайтарууга Куралдуу Күчтөрдүн чамасы жетеби?

– Азыр мамлекет мамлекетти басып алат деген коркунуч дээрлик жок. Стратегиялык достук келишимдери бар. Баары менен мыкты мамиледебиз. Биз биргеликте эл аралык терроризмге каршы күрөшөбүз, мында Чек ара кызматынын ролу абдан чоң. Наркотрафик, терроризм болобу, басымды Чек ара кызматына койгонубуз туура. Коркунучтуусу – эл аралык терроризм. Ошондой эле жаңыдан ИГИЛ деген террордук уюм пайда болду, алар  талибдерге да баш ийбейт. Алгач сырттан келген коркунучтун, ичтеги улут аралык, аймак аралык жаңжал өңдүү коркунучтардын алдын алуу – башкы вазыйпа. Ал эми өлкөбүздүн коопсуздугуна армия кызмат кылат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА