командующий1

Генералдык штабдын курамындагы Улуттук гвардия – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларациясынын негизинде түптөлгөн, мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, коомду, жарандарды коргоо менен катар  мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди кайтаруу боюнча кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн КР Куралдуу Күчтөрүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм. Улуттук гвардиянын кол башчысы Мелис САТЫБАЛДИЕВ өзү жетектеген аскердик мекемеден баян салып берди.

Даярдыктагы күжүрмөн курам

“Пантера”, “Шер” деген  атайын багыттагы аскер бөлүктөрү Улуттук гвардиянын негизги күжүрмөн даярдыктагы аскер бөлүкчөсү жана кошууну эсептелинет.  “Эдельвейс” борборунда Улуттук гвардия өз аскерлерин кесиптик деңгээлин жогорулатат. Кара-Көл, Баткен жана Бишкек шаарларында жайгашкан ыкчам багыттагы аскер кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн өздүк курамы мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди кайтаруу кызматында. “Барс” аскер кошууну чет мамлекеттен келген өлкө башчыларын тосуп, узатышат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жанында ардак кароол кызматын өтөшөт. Учурда Улуттук гвардияда үч миңге жакын аскер кызматкерлери негизги милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарууда. Өткөн 2014-жыл ичинде гвардиянын эки подполковниги Асаналиев Кайрат, Досбаев Съездбек КР Президентинен эстелик кол сааты менен сыйланышты. “Пантера” атайын багыттагы аскер кошууну ыкчам жана тактикалык күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга түзүлгөн. “Пантера” бригадасынын символу купуялуулукту, күтүүсүздүктү жана ылдамдыкты камтыйт. Бригаданын тарыхы 1992- жылдан башталат, мурдагы Ленин районунун аскер комиссариатынын аймагында атайын багыттагы батальон түзүлгөн. 1993-жылдын апрелинде батальондун өздүк курамы биринчи жолу парашют менен секирген. Бригаданын окуу программасы аскер-десантын даярдоо боюнча өтөт. Көптөгөн офицер, прапорщик жана сержанттар АКШ, Кытай, Түркия, Россия мамлекеттеринде атайын багыттагы аскерлердин программасы боюнча окууларды ийгиликтүү аякташкан. Бүгүнкү күндө катардагы офицерлердин ичинен Судан, Либерия мамлекеттериндеги БУУ тынчтык күчтөрүнүн катарында кызмат тажрыйба топтоп келишкен. Азыркы учурда Түштүк Суданда “Пантера” атайын багыттагы отрядынын командири гвардиянын подполковниги Табалдиев Майрамбек кызмат өтөөдө. “Пантера” атайын багыттагы отрядынын иши менен 13-февраль күнү бул аскер кошунуна Россия Федерациясынын аба десант күчтөрүнүн Кол башчысынын орун басарлары келишти. Бүгүнкү күндө “Пантера” аскер кошуунун Нурлан Кыдыров жетектеп келет.

Кадрларды даярдоо

Бүгүнкү күндө 2014-жылы тандоодон  өтүп, экзамендерди ийгиликтүү тапшырган 33 курсантыбыз Россия, Казакстандын жогорку аскер окуу жайларында билим алууда. 2014-жылы ОБСЕ тарабынан жиберилген Франция Республикасында 12 аскер кызматкерибиз окуу курсун ийгиликтүү аяктап келди. 4 офицерибиз жакын арада Германиядан окуу курсунан өтүп келишти. Кадрларды даярдоо иши башкы максаттарыбыздан.

Гвардиянын жоокери болуу – жоопкерчилик

Ар бир эле жаш эр азамат үчүн Улуттук гвардияда кызмат кылуу чоң жоопкерчилик жана сыймык болуп эсептелет. Ал эми алдыңкы (элиталуу) Улуттук гвардиянын бөлүкчөлөрүнө кызмат кылуу үчүн келүүгө аскер комиссариаттарындагы өтө катаал текшерүү, иргөөлөрдөн өткөндөн кийин гана мүмкүнчүлүк алат. Келечектеги гвардиячыларга коюлган негизги талап – бойдун узундугу 175 сантимерден жогору болуусу, ден соолугу чың, дене тарбиялык жактан мыкты даярдыгы жана моралдык-психологиялык жогорку көрсөткүчтөрү талап кылынат. Андан сырткары ардак кароол ротасында кызмат кылгысы келгендердин  келишимдүүлүгүнө да көңүл бурулат. Жыл ичинде Улуттук гвардия жаңы ачылган №708 батальон мурунку эл аралык “Манас” жүк ташуучу борборуна жайгашты. Бардык шарттар менен камсыздалган жаңы ачылган аскердик бөлүктө бүгүн 200дөн ашык жоокер кызмат өтөөдө. Бул нерсе мамлекеттин коопсуздугун сактоо максатындагы жакшы иштердин катарын толуктайт. Ошондой эле быйыл  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына Москва шаарынын Кызыл Аянтында өтө турган аскер парадына 75 аскерибиз даярдык көрүүдө. Улуттук гвардиянын өздүк курамы өлкөнүн коопсуздугуна кам көрө бермекчи.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА