Кочкор районунун Ак-Жар айылынын мектебинин көйгөйү 4 жылдан бери көтөрүлүп жатат, бирок маселе дагы эле чечилбей келүүдө
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылындагы мектептин көйгөйүн бул жолу бир катар депутаттар тарабынан көтөрүлдү.
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү бүгүнкү күндө Ак-Жардагы мектеп окуучулары 8 менчик үйдө окуп жатканын маалымдашты. Мектептин курулушу 2009-жылы аяктаган жана ага 49 млн сом багытталган. Мектеп сэндвич-панелдер жолу менен салынган.
Депутаттар Мирлан Бакиров, Майрамгүл Тиленчиева, Таалайбек Ибраев Бүгүн мектеп имаратынын абалы начардыгын, окууга мүмкүн эместигин билдирип, бир катар депутаттар, министрлер бул мектептин абалын өз көздөрү менен көрүп келишкендигине карабай, мектепти сапатсыз кургандар эмдигиче жоопко тартылбай жаткандыгын айтышты деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply