ак-сай

Максат-Кулунду жолунун маселесин депутат Жусупали Исаев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Депутаттын айтымында, бул маселе 3 жылдан бери көтөрүлүп, аягына чыгарылбай келет. Кыргыз тарап келишимге ылайык, көпүрөнү бүткөрдү, ал эми тажик тарап өзүлөрүнө тиешелүү жол курулушунун 60% бүткөргөн. Ал бул жагдайга Тышкы иштер министрлиги аркылуу экинчи тарапка чыгып, курулушту ыкчамдатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошону менен катар Ж.Исаев Кулунду – Жаңы-Жол жолун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына алуу керек деген пикирин кошумчалады.