parlament

Жогорку Кеӊеште өткөн жылдын соӊунда кызмат орундарына дайындалган өкмөт мүчөлөрү – вице-премьер-министр Ниязалиева Дамира Абаскановна, билим берүү жана илим министри Сариева Элвира Кубанычбековна, эмгек, миграция жана жаштар министри Азыранкулов Айбек Жаныбекович ант берди. Ант берүү аземине КР Президенти Алмазбек Атамбаев менен КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев катышты. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн парламентте ант бериши менен куттуктап, алардын жооптуу жана түйшүктүү ишинде ийгиликтерди каалады. «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеӊеште ант бергенден кийин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА