зулпукаров1

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты каралып, талкуу жыйынтыгында добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилери – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Анарбек Калматов. Жолдо жүрүү эрежелерин ыраатташтырууга жана жолдо жүрүү эрежелерин бузуу жосундарына карата жаза чараларын катуулатууга багытталган бул мыйзам долбоору мурда Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып, бирок КР Президенти мыйзамдын концепциясын колдоо менен бирге, айрым жоболорго карата өзүнүн каршы пикирин билдиргендиктен, аны кайрадан иштеп чыгуу максатында макулдашуу тобу түзүлгөн.

Баяндама жасаган юстиция министри Алманбет Шыкмаматов макулдашуу тобу бул мыйзам КР Өкмөтү тарабынан Жолдо жүрүү эрежелерине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө киргизүү зарыл деген чечимге келгенин билдирди. Анткени, алардын ортосунда айрым карама-каршылыктар бар экени белгилүү болду.Белгилей кетсек, КР Административдик кодексине “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизилип жатат. Ошондой эле, үйлөнүү үлпөттөрүндөгү кортеж 5 автоунаадан ашоого тийиш. Мыйзам талаптарына ылайык, мындай коомдук тартипти жана жолдо жүрүү эрежелерин атайлап бузган жактарга карата 30-50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айыптар салынмакчы.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА