Кийинки отурум Бишкекте өтөт
2-декабрда Москва шаарында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновдун төрагалыгы алдында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орусиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын ХVII отуруму болуп өттү.
Бул отурумда энергетика, мунайгаз өнөр жай тармагында кызматташуу темасы өзгөчө орунду ээледи.
Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 40 миң тонна азык буудайды коммерциялык негизде, 20 миң тонна буудайды гуманитардык жардам катары берүү маселесин жыл соңуна чейин чечүү тууралуу макулдашылды. Мындан тышкары, Кыргызстанга гуманитардык жардам катары ящурга каршы 5 млн. доза вакцина жөнөтүү чечилмек болду.
Өкмөттөр аралык комиссия Кыргызстандын жарандарын уюштурулган түрдө Орусиянын аймагына жумушка жөнөтүү боюнча Макулдашууга кол коюуну тездетмек болушту.
Өкмөттөр аралык комиссиянын кийинки отуруму Бишкекте өтөт.


Leave a Reply