9-майды Евразиялык мейкиндикте тособуз
2015-жылдын 9-майына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулат. Бул туурасында кыргыз-орусиялык ишкер кеңештин ХVII отуруму учурунда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн Орусия Федерациясынын ишкер чөйрөлөрү менен жолугушуп туруу абдан маанилүү. “Биз РФ жетекчилиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул күндөрү эки өлкөнүн пландуу кызматташуусунда Кыргызстанды Евразиялык экономикалык интеграциялык бирикмелерге кошуу процесси өзгөчө орунду ээлөөдө”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Азыр 23-декабрга белгиленген Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Саммитте аталган биримдикке Кыргызстандын толук кандуу мүчөлүк маселеси чечилет.
“Эгер биримдикке кошулуунун так мөөнөттөрүн атасак, 2015-жылдын 1-майында кыргыз-казак чек арасы ачылып, бажы посттору алынат. 9-майды биримдиктин толук кандуу мүчөсү катары тособуз”,- деп кошумчалады Өкмөт башчы.
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуунун жол карталарына ылайык, 10 укуктук-ченемдик актыларды өзгөртүү жана 300гө жакын иш-чараларды жүзөгө ашыруу милдети турат. Алар үзгүлтүккө учурабай, бардыгы өз убагында аткарыларына ишендирди Премьер-министр.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply