дтп

 Казакстандын Акмолин облусунун аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эи жараны каза болуп, эки адам жаракат алды, деп маалымдайт CA-News.

Облустук ички иштер департаментине шилтеме берүү менен маалымдалгандай, аталган кырсык кечээ, 3-декабрда Жаксын районунун аймагында «Екатеринбург-Алмата» унаа жолунун 945-чакырымында болгон.

Кыргыз Республикасынын 35 жаштагы жаранынын башкаруусу менен бара жаткан «Митсубиси» унаасы дагы бир «Митсубиси» иномаркасы менен сүзүшкөн.

Анын кесепетинен кыргызстандык айдоочу жана 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болду. Ал эми, 43 жаштагы башка жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Маалыматта айтылгандай, экинчи унааны башкарып бара жаткан жергиликтүү тургун жабыркаган эмес. Анын 35 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Каза болгон жарандардын денелери өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды, деп айтылат маалыматта.