кырсык

ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей,  Талас району, Талас-Суусамыр жолунда, Жон Арык айылы, Хонда Степ ( мам.№ S 07-33 AA, ээси Р. Жумадылов) үлгүсүндөгү автоунаа, 4 жүргүнчүлөрү менен мас абалында бара жатып бакты сүзүп алган.

3 адамды куткаруучулар барганча тез жардам менен Талас облустук ооруканасына алып кетишкен. Автоунаанын ээси, 1993 ж.т. Жумадылов Рустам каза болгон.

Куткаруучулар автоунаанын эшигин кесип,   каза болгон адамды жана 1 жүргүнчүнү чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.