44

Мурда бажы төлөмдөрүнөн 10 млрд. сом жыйналса, Бажы биримдигине (ЕАЭС) киргенден кийин бул көрсөткүч 25 миллиард долларга өсөт. Бул тууралуу КР Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов билдирди.

***

“Кумтөр” маселесин канадалык инвесторлор менен февраль айынын башында Москва шаарында өткөн сүйлөшүүдө талаш-тартышты жараткан маселелердин 80 пайызы чечилген. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКнын төрагасы Токон Мамытов маалымдады.

***

Быйыл Кыргызстанда үйлөр 10-15%га арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу курулуш тармагын иликтеген адистер айтууда.

***

2013-жылы “Центерра” 145 млн. доллар өлчөмүндө таза киреше тапса, Кыргызстан андан 11,4 млн. доллар алган. 2014-жылы деле ушул көрсөткүчтөргө жакын таза киреше түшкөн.

***

КР Статкомитеттин билдиргенине караганда, 2015-жылдын январь айы боюнча ИДП 8,4 пайызга өскөн. Ошол эле кезде ушул айдын инфляциясы 11,6 пайызды түздү.

***

Кыргызстандан Америка Кошмо Штаттарына сурьма, сымап, сейрек кездешчү металлдар жана химиялык өнөр жайдан чыккан товарлар экспорттолот. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Джон Браун билдирген.

Даярдаган Азизбек ЧАМАШЕВ