Ошто көркөмдүү көк карагайлар тигилди

Көптөгөн жылдардан бери Ош шаарында көк карагай (голубая ель) көчөттөрү отургузулбай келген. Мына ошону эске алуу менен Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты Заднепровский жана Ленин көчөлөрүнө көк карагай көчөттөрүн отургузуу иш чарасын уюштурду. Көп убакытка созулган питомниктеги көчөттөр жетилгенде өзүнүн көркөмү, кооздугу менен тарткан балатылардын көчөттөрүн абайлап, отургузуу башталды. .
Иш-чаранын негизги максаты шаарды көрктөндүрүү, шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге кааланы гүлдөгөн шаарга айлантууну жана Түштүктүн борбору деген статусуна татыктуу кылуубуз керек дейт чарбанын башчысы Айгул Жаныбаева.
Көчөт отургузууга Ош шаарынын 1-вице мэри Замир Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, ошондой эле Ооган согушунун ардагерлери, шаардын аксакалдары жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Консулдугунан келген өкүлдөр катышышты.
Ризван Исмаилова, Ош шаары

Leave a Reply