нөөмөт

2015-жылдын 18-февралы саат 8:00дөн 19- февраль саат 8:00гө чейинки бир сутканын ичинде 112- Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына 535 чалуу болсо, 480 жалган чалуулар болгон. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 426 чалуу болсо, анын ичинен жалган чалуу – 390. Ош шаары боюнча 109 чалуу болсо, 90 чалуу  жалган болгон. Жалпы өрткө каршы кызматына 1 жолу кабар берилип, 4 жолу милиция кызматкерлерине кабар берилип, медицина кызматкерлерине 11, мэрияга 1 кабар берилип, телефон аркылуу 55 адамга психологиялык кенеш берилген.

КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, максатсыз чалуулар көп болууда.  Жалган чалуулардын көп болуусунун себеби сенсордук уюлдук телефондордун контролсуз чалынышынын жана жаш балдардын ойноп чалууларынан, ошондой эле чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар болууда.

Эгерде сиз ар кандай чукул кырдаалга кабылган болсоңуз медицина кызматкерлерин(103) милицияны (103), өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу үчүн  Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына -“112” номерине чалыңыз!