Ички жолдорго өз деңгээлинде көңүл бурулбай келет
Акыркы жылдары өлкөнүн стратегиялык жолдору инвесторлордун жардамы менен курулуп жатат. Бирок, ички жолдорго өз деңгээлинде көңүл бурулбай келет. Бул багытта алгылыктуу чаралар көрүлүүгө тийиш,- дейт депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө. “Ички жолдор таптакыр эле курулбай калды дегенден алысмын, азыноолак калыбына келтирилүүдө, ошол эле учурда сапатын да кароо зарыл. Мисалы, Кызыл-Үңкүр жолун министр Калыкбек Султанов өзү көрүп, 30 млн. сомго шагыл төктүргөн. Ошого карабастан, үч жыл аралыгында кайра эле чалдыбары чыгып калды. Менимче, ошол каражатка асфальт төктүрсө, кыйла натыйжалуу болмок. Ушул жагын колго алуу зарыл, -дейт депутат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин басама сөз кызматы билдирди.
Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА


Leave a Reply