осмонов (1)1
Ак үйдү “Эл ордо” деп атоо боюнча демилге көтөрүлүүдө. Демилгенин автору Жогорку Кеңешти депутаты Малик Осмонов. Ал өлкөнүн Президенти жана парламенти отурган имарат Ак үй эмес, “Эл ордо” деп аталуусун, анткени, кыргыз элинин байыртадан берки тарыхында да “ак ордо”, “кан ордо”, “ордо калаа” деген сындуу көөнө улуттук уютмалары бар. Биз эл өкүлү болгон соң “Ак үй” дебей, “Эл ордо” деп аталышын жолго салып алсак деген сунушун айтат.
Депутаттын айтымында, аталышты өзгөртүү үчүн кошумча каражат деле чыгымдалбайт. Эми бул демилге жалпы элдик талкууга алынып чыккан соң, эл өкүлдөрүнүн канчалык деңгээлде колдоосуна жараша ишке ашмакчы.
Динар ТУРДУГУЛОВА