асанов1

– Курсан Сатарович, ИИМди реформалоо боюнча жасалып жаткан иштер негедир кечеңдеп бараткандай. Буга эмне тоскоолдук кылууда?

– 2013-жылдын 21-январында КР Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы” бекитилген. Стратегиянын негизинде Өкмөттүн токтому менен апрелде “КР ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралар” белгиленген. Реформанын башкы максаты – коом тарабынан ишенимге ээ болгон, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун натыйжалуу тутумун түзүү. ИИОну реформалоо негизги үч багыттан, анын алдындагы 11 секциядан турат. Анда ички иштер органдарынын кесипкөй адистеринен, ардагерлерден, жарандык коомдон турган 100дөн ашык мүчөлөрү бар. Негизинен подсекциялар учурга байланыштуу өзгөрүп жана толуктанып турат. Бизге жаңы министр келгенден кийин 12-секцияны киргиздик. Ал “КР ИИМдин тутумун уюштуруу, башкаруу ишмердигин оптималдаштыруу” деп аталат. Себеби, башкы аппаратта башкармалыктар абдан көп, аларды оптималдаштырып, бири-бирине кошуу процесси жүрүп жатат. Буга чейин өздүк курамдан 100дөн ашык штат кыскартылып, жер-жерлерге – 7 облустагы милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө, жашы жете электер менен иштөө инспекцияларына жөнөтүлдү.

– “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айта кетсеңиз…

– Реформанын элдин көзүнө көрүнө тургандай жана эң негизги багыттарынын бири – бул “Коопсуз шаар” жана “Электрондук ККК” (кылмышты каттоо китепчеси). “Коопсуз шаар” долбоору – видеобайкоолорду республика аймагына орнотуу, фото жана видеонун автоматташтырган тутумун жайылтуу. Эгер булар орнотулуп, тескей турган бирдиктүү борбор  ачылса, окуяларга ички иштер органдары тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кылмыштуулуктун алдын алууга, бөгөт коюуда жана бетин ачууга шарттар түзүлөт. Анткени, видеобайкоолор жолдо гана эмес, коомдук жайларда дагы орнотулат. Андан тышкары, жол коопсуздук кызматынын (ЖКК) кызматкерлери таягын көтөрүп жолдо турбай, жол кырсыгы болгон учурда тез жетип келишет. Алардын иш милдеттери өзгөрүп, айдоочулар менен түздөн-түз байланышта болуусу азаят. Азыркы учурда айтылып жаткан ЖККнын кызматкерлерине сын пикирлер, нааразылыктар жана коррупция маселесиндеги көйгөйлөр кескин түрдө азаят. Мында жол кыймыл эрежелерин ким гана бузбасын, мисалы жөнөкөй жарандан баштап, мамлекеттик кызматкер болобу, мыйзам алдында бардыгы бирдей болот. Анткени, анын өзү, машинасынын номери бүт видеого тартылып, кандай эрежени бузганы компьютерден көрүнүп калат. Бул долбоорго өткөндөн кийин бир жылдын ичинде жол-унаа кырсыктарынын саны Россия, Франция, Улуу Британия, Малайзия, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттеринде жол эрежелерин бузуу бир топ пайызга кыскарган, бизде дагы кескин түрдө кыскарат деген ишеничибиз бар. Андан сырткары, бул – чоң инвестицияны алып келүүчү, өзүн-өзү актоочу жана мамлекетке пайда алып келе турган долбоор. Бул долбоор ишке ашса, элдин ички иштер органдарына болгон ишеними өсөт жана эл өзүнүн коопсуздугун сезет.

– Тендердин жыйынтыгы менен “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу мурда башка бир компанияга тапшырылган. Анын тагдыры кандай болду?

– Туура, ал долбоорду ишке ашыруу үчүн 2012-жылы тендер өткөрүлгөн. Андан бир компания утуп чыккан. Бирок, тендерди өткөрүүдө жана келишимди түзүүдө бир топ катачылыктар кеткен экен. Бул боюнча Башкы прокуратура жана УКМК аныктама жазып жөнөтүшкөн. Ортодо жетекчилик дагы алмашты. Бул компания менен келишимди жокко чыгаруу үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүлүп, аны мен жетектегем. Долбоордун экинчи баскычына өтүш үчүн компания менен түзгөн келишимди жокко чыгаруу сөзсүз түрдө керек болчу. Эгер биз эл аралык сотто соттошсок, канча убара болуп, финансылык жактан бир топ чыгымга учурайт элек, аны сүйлөшүү жолу менен түшүнүшүп, алар менен келишимди жокко чыгардык. Ага жардам берген Кыргызстандагы Кытай элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги болду. Бирок бул убактарда биз жөн отурган жокпуз. 2012-жылы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, биздин “Коопсуз шаар” жана “Электрондук ККК (КУП)” долбоору боюнча Өкмөт мамлекеттик өнөктөш катары бул иштерди бизге жүктөгөн. Бул долбоорлор боюнча түзүлгөн жумушчу топ техникалык тапшырмаларды, тендерди өткөрүү шарттарын иштеп чыкты. Буга Экономика, Каржы, Адилет министрликтери, Өкмөт тарабынан жакшы жардамдар берилди. Өкмөт тендер өткөрүү боюнча өзүнүн №363-б буюртмасын 2014-жылдын 29-августунда чыгарып берди. Тендердик комиссияга 25 мүчө: 5 фракциядан 5 депутат, көз карандысыз эксперттерден, бейөкмөт уюмдардан жана коомчулуктан мүчөлөр кирди. Тендердик комиссияны жетектөө мага жүктөлгөн. Тендер өткөрүүнүн биринчи, экинчи этабы да КТРКнын имаратында түз эфирде өткөрүлдү.  Экинчи этабы жакында эле, 1-декабрда болду. Ага 5 компания катышып, тендерге өзүнүн сунуштарын тапшырышты. Алар:  «Dessa International» S.R.L. (Молдова); «Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd» (Кытай); «Ozone Iletiim Teknolojileri» (Түркия); «Стилсофт Бишкек» (Кыргызстан); «Anteo Worldwide» (Швейцария) компаниялары. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамы боюнча Сунуштарды баалоо эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта жеке өнөктүн квалификациясынын (техникалык) тендердик документтерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген сунуштар четке кагылат. Биринчи этаптан өткөн сунуштар экинчи этапта тендердик документтерде белгиленген социалдык жана каржылык-экономикалык критерийлерге ылайыктуулугу бааланат. Тендердик комиссия чечим кабыл алынгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде тендердин жеңүүчүсүн жарыялайт. Андан кийин МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу ММКга жарыялангандан тартып 60 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде түзүлүүгө тийиш.

– Силердин берген маалымат боюнча тендерден уткан компания ушул жылы техникаларын коюп бүтүп, жаңы жылга чейин “Коопсуз шаар” долбоору ишке киришмек. Ал качан ишке ашат?

– Ооба, эл чыдамсыздык менен күтүп жаткан долбоор негизинен мыйзамдын талабына ылайык ишке ашуусу керек. Аны ишке ашырыш үчүн биз канча административдик кодекске жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Жумушчу топ 6 айдан бери тынымсыз иштеп жатат. Айта кетчү сөз – “Коопсуз шаар” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна тендер өткөрүүнүн Эрежесинин 105-пунктуна ылайык, Тендердик комиссия тарабынан жеңүүчүнү аныктоодо, КР ИИМ тарабынан аныкталган объектилерге өздөрүнүн эсебинен тендердин катышуучулары койгон  видео байкоо, видео таануу, фото, видео аныктоо тутумунун көрсөткөн иштеринин жыйынтыктарын эске алышат. Ушуга байланыштуу, КР ИИМдин буйругу менен Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй облусуна бул тутумду көрсөтүү үчүн объектилер аныкталган. Тендердин катышуучулары жогоруда аталган объектилерге өздөрүнүн эсебинен пилоттук тутумду ишке ашырууда, жыйынтыктоодо эске алынып, андан кийин тендердик комиссия тарабынан алардын ишине баа берилет. Ал кийин мамлекеттик бийлик органдарынын аймагынын балансына өткөрүлүп берилет.

– Техникалар коюлгандан кийин иштебей калган жерлерине ким жооптуу болот?

– Долбоорду ишке ашыруу боюнча жооптуулар мыйзамда аныкталган жана түзүлчү келишимде көрсөтүлөт.

– Курсан Сатарович, милиция тармагында кылмыштын бетин ачуу  пайыз менен эсептелет эмеспи. Эми электрондук ККК долбоору ишке ашса, ал кандай болот?

– Чынында, жылына бизде кылмыштын бетин ачууну пайыз менен санап келчүбүз. Мисалы, кылмыштын бетин ачуу былтыркы жылы 85% болсо, быйыл дагы 85%дан аз болбош керек деп иштешет. Эгер ага жетпесе, жакшы иштеген жок деген жыйынтык чыгат. Бирок, биз мындай ыкмадан кетип, бул көз караштан алыс болушубуз керек. Бул боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердигине баа берүүнүн жаңы критерийлери иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер менен макулдашуудан өтүп, Өкмөттүн кароосуна жиберилди. Ал эми электрондук ККК – бул кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү, даттанууларды жана башка маалыматтарды каттоо, эсепке алуу жана кароону кабыл алуучу электрондук китеп. Ыкчам иликтөө органдарынын кылмыштар, окуялар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү, даттанууларды жана маалыматтарды каттоонун, эсепке алуунун жана кароону кабыл алуунун бирдей тартибин аныктоо, кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кароону кабыл алуу стадиясынын ачыктыгын камсыз кылуу. Электрондук ККК аркылуу биз кылмыштын чыныгы санын билишибиз керек. Ким гана арыз жазбасын, ал электрондук китепчеде көрүнүп тургандыктан, ага жооп бербей коюуга же туура эмес чечим чыгарып салууга мүмкүн эмес. Эгер кылмыш катталса, анын бети сөзсүз ачылат. Казакстанда бул долбоор ишке киргенден кийин кылмыштын бетин ачуу 3 эсеге жогорулап, ички иштер органдарынын жоопкерчилиги өскөн. Биз дагы жакында буга өтсөк, кылмышты жаап-жашырууга мүмкүн болбойт. Биринчиден, жаран арыз жазганда электрондук ККК онлайн режимде район, облус, Ички иштер министрлигине жана тийиштүү укук коргоо органдарында катталып, эч кандай өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болбойт, экинчиден, мыйзам менен ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөт. Ошондо “процентомания” жок болуп, кылмышты ачууда ар түрдүү көрсөткүчтөр орун алат. Бул долбоорлор ишке ашса, милицияга болгон элдин ишеними дагы жогорулайт десем жаңылбайм.

Сымбат МАКСУТОВА