Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн жылдык чогулушу өтөт
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү 2015-жылдын 11-февралында, саат 10.00 до КР УИАнын кичи залында Бөлүмдүн Жылдык жалпы чогулушун өткөрөт.
Иш-чарада«Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн 2014-жылдагы илимий жана илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары жөнүндө» отчеттук доклады окулуп, бөлүмдүн мүчөлөрүнүн 2014-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилет.
Бөлүмдүн түзүмүндө:
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, философия жана саясий укук изилдөөлөр институту, ак. Дж.Алышпаев атындагы Экономика институту, тарых жана маданият мурас институту, Илимдер усулу жана социалдык изилдөө борбору, Борбордук илимий китепканасы бар.
Учурда бөлүмдө 5 академик, 22 корреспондент-мүчө, 36 илим доктору, 82 илимдин кандидаты бар.
УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү


Leave a Reply