Барчынбек1

Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 44-беренелерине ылайык, муниципалдык-административдик бош кызмат орундарына сынак өткөрүү комиссиясынын №3-протоколунун чечиминин негизинде, Барчынбек Жантороев Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ошондой эле Б.Жантороевди бүгүнкү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат кеңешмесинде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук  өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармырзаев тааныштырды. Ал эми шаар мэри С.Авазов жаңы аппарат жетекчиге ийгилик каалады.

Мейманбү АКЖОЛОВА