этника

Ошондой эле гуманитардык жардам жеткирүү боюнча КР ӨКМнин маалымат бөлүмү билдиргендей, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрында чыккан №507-б буйругун аткаруу жана Ооганстан Ислам Республикасынын Кичи Памир жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, 2014-жылдын 21-ноябры күнү курамында 18 адамдан турган топ (КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, КР Жогорку Кеңеши, КР Мамлекеттик чек ара кызматы, КР ӨКМ, КР саламаттык сактоо министрлиги, КР бажы кызматы жана журналисттер), Ооганстан Ислам Республикасына товардык-материалдык баалуулуктарды алып жөнөп кетишкен. 2014-жылдын 24-ноябры күнү Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан  автономиялуу облусунун Мургаб районунан экспедиция 2 тарапка бөлүнүп, Ооганстан Ислам Республикасында жайгашкан Кичи Памир жана Чоң Памирге жөнөп кетишти.