достук111 Достук

Жалал-Абад шаарына караштуу 5 аймактык башкаруулар бар. Алардын бири  болгон  “Достук” аймактык  башкаруусунун 2014- жылда   жасалган жумуштары алдына койгон перспективдүү пландардын негизинде, шаардык  мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилиги астында иш пландар түзүлүп, ошонун негизинде иштер жүргүзүлдү. «Достук» аймактык башкаруусунун жалпы аянты 660га болуп, анда  9 квартал, 25 кондоминиум бар, калкынын саны 27 638 болсо, анын ичинен  туруктуу жашоочулары 24 220 адамды түзөт, үй бүлөнүн саны-3 983 болгон болсо,  анын ичинен эркектер-13084, аялдар-14554. Ал эми, аймактык башкарууда жашаган калктын  65 % зы кыргыз улуту,  20% зы өзбек улуту, 8 %зы орус улуту, 7 %зы башка улуттарды түзөт.

Жыл сайын жаз айыларынын башында, көп улуттан турган аймагыбызда  ынтымакты  чыңдоо максатында Птицаград жана Достук кичи райондорунда сүмөлөк бышырылып, жашоочулар арасында улуттук оюндар, концерт, улуттук даамдар конкурсу уюштурулуп шаар бийлиги тарабынан байгелүү орунга ээ болушат.

Ошондой эле, 31-август  –  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө  карата «Бир эл, бир жер, бир тагдыр» чакырыгынын алдында шаардык деңгээлде «Сармерден» кароо-сынагы уюштурулуп келет. Өткөн жылда уюшулуп өткөрүлгөн  сынакта биздин аймактын жашоочулары активдүү катыштып биринчи орунга ээ болушту.

Өткөн жылдын күз мезгилинде  сентябрь айында шаардык деңгээлде  болуп өткөн “Улут наркы унутулбайт!” уз-чеберлер сынагына да биздин аймактын чеберлери катышып 2-орунду ээлешти. “Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнүнө”  арналган “Үлгүлүү үй-бүлө” сынагына  жаш үй-бүлө катышып 1- орунду ээлешти. Ушул эле иш-чаранын ичинде ар кандай тармактагы адистердин  устаттары арасында “мастер –класстар”  өткөрүлдү, андан да аймагыбыздын катышуучулары 1-орунду ээлешсе, кичи-футбол боюнча мелдеште аймактын командасы 4 орунга ээ болду.

Жашоочулардын талаптары ишке ашты

Биздин аймактагы Матросов, ВЛКСМ, Чехов жана Манас көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна заманбап балдар ойноочуу аянтчалар шаардык кеңештин депутаттарынын  жардамында курулуп, колдонууга берилди. Жаз жана күз айларындагы жаан-чачындан запкы тарткан, Сарчибаев көчөсүнөн тартып Курулушчулар көчөсүнө чейин 300 метр сел арык тазаланды.

Кыш мезгилинде электр жарыгынын чыңалуусу жетпей тез-тез өчүп, тургундарга бир топ көйгөй жараткан  ВЛКСМ жана Балтагулов көчөлөрүндөгү  эскирип калган трансформаторлор, чоң чыңалуудагы трансформаторлорго  алмашылды.

Ошондой эле, шаар бийлигинин жашоочулар менен болгон жолугушуусунда  айтылган арыздардын негизинде Могол көчөсүндө жайгашкан эскирип жараксыз абалга келип калган 8 электр мамылары жаңыланды.

Птицеград кичи шаарчасынын жашоочуларынын өздөрү топтогон акча каражаты менен № 20 кварталдагы комитетинин төрайымы Жээнайым Керикулова тарабынан демилгеленип жаңы түшкөн көчөлөрү грейдер менен сүрдүрүлүп тегизделди.

Э.Алиев көчөсүнүн тургундары топтогон акча каражатка, №23 кварталдык комитетинин төрайымы Мамирахан Жоробаеванын аракети менен 100 метр жолго асфальт төшөлдү. Жашоочулар өздөрү акча каражат топтошуп, ар кандай  жамаат иштери үчүн боз үй сатып алышып, куран окутушуп, ортодо боз үйдү колдонуп жатышат. Бул аракеттер тургундардын ынтымагы жана биримдигинен кабар берет. Ушундай эле багыттагы иш аракеттер менен №5 мектептин жанындагы 100 метр арык тазаланды, Навои, Маяковский, көчөлөрүнө 120 метрдик суу түтүкчөлөр борбордук канализацияга улаштырылды. Б.Осмонов- Матросов, Тайгараев- Ибраимов, Кыргыз Республика көчөлөрүнө жаңы жол чырактар  орнотулуп, жөө адамдар өтүүчү  жол белгилери сызылды.

Жаз жана күз айларында өтүлүүчү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытындагы ишембиликтерге тургундардын катышуусу активдүү болуп келүүдө деп белгилесем болот.

Көпчүлүк убакта айрым адамдар: “аймактык башкаруулар эмне иш аткарасыңар?” – деп калышат, каржы  бөлүмү болсо “инвестиция тартпадыңар!” –  дешет. Төмөндөгү фактыларга кайрылсак шаардык бюджеттен бир тыйын албай, аймактын тургундары тарабынан долбоор жазышып төмөнкүдө белгиленген жумуштарды ишке  ашырышты.

УВКБ ООН “Айымдар тынчтык үчүн” долбоору менен биргеликте аймактын лидер аялдары болгон “Достук” аймактык башкаруусунун аялдар кеңешинин төрайымы Мамирахан Жоробаева тарабынан ар кандай багыттагы,   баардыгы 822 800 миң сомдук гранттык долбоорго:   2 боз үй алынды, 1 ден соолук борбору ачылды, 4 бала-бакчасы жана 2 мектеп оңдолду.

Ошондой эле, АРИСтин долбоорлору аркылуу жер-жерлерде жыйындар болуп,  элдин өз тандоосу менен, «Достук» кичи шаарчасында 50 орундуу балдар бакчасы куруу иштери ийгиликтүү бүтүрүлдү.  Бул курулушка АРИС аркылуу 100 миң АКШ доллары  берилсе, кошумча каржылоо шаардык мэрия тарабынан 2 млн. 237 миң 337 сом бөлүнгөн. Учурда ички эмеректер менен жабдуу иштери жүрүүдө.

Калкты жумуш менен камсыздоо аракеттери көрүлүүдө

Жумушсуздуктун алдын алуу боюнча 9 жаран “Кызыл ай” коому тарабынан тигүүчүлүк боюнча акысыз окуудан өтүшүп, эл аралык сертификаттын ээси болушту. Көпчүлүгү жумуш издеп шаардагы “эмгекке орноштуруу жана  миграция” бөлүмүнө катталышты. Ошондой эле,  аймактын жашоочулары үчүн бейөкмөт уюмдары менен биргеликте бекер ар кандай юридикалык кызматтар уюштурулуп берилди.

Жалал-Абад шаар бийлигинин аймактактын жашоочулар менен болгон жолугушууларында  аймактагы кемчиликтер айтылып, аларды чечүү максатында иш чаралар түзүлүп, учурда көптөгөн иштер оң жагына чечилип аткарылып жатканы тургундарга кошумча дем берүүдө.

Быйылкы жыл Улуу-Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгы болгондуктан, биздин аймакта 13 согуш ардагери, 16 тылдын катышуучулары жашайт. Арадагерлер менен тыгыз байланышта иш алып барылууда жана маареккени жогорку деңгээлде тосуу даярдыгы жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун негизинде аймакта жер-жерлерге биометрикалык маалыматтарды топтоо бөлүмдөрү ачылып, элдерди  биометрикалык каттоодон өткөрүүбоюнча иш-чаралар улантылууда. Азыркы күндө 13000 миңден ашуун  адам каттоодон өттү. Биометрикалык маалымат топтоо аймактык башкарууга күч келип жатат, себеби келбеген ишкана –мекемелерге аппараттарыбызды алып барып биомаалымат топтоп жатабыз. Айрыкча соода тармактары, банктар кечке кардарлардан бошой албай калышууда.

Биздин аймакта курулган АРИСтин долбоору аркылуу курулуштар баардык талапка жооп берилгени белгиленип, быйылкы 2015-жылга да социалдык объект куруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жаткандыгы жашоочуларыбызды кубандырууда. Белгилей кетчү нерсе, аймактын тургундары жамаатташып көйгөйлүү, эң зарыл, приоритеттүү деп табылган маселелерди тандоо тажрыйбасын кеңири жайылтышууда.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу