Жогорку Кеңештин депутаттары А.Алтыбаева менен Н.Никитенко ЕККУ/ДИАУБ эксперттери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко менен Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева 19-февралда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) эксперттери Э.Томас, А.Пейдж, О.Тжаскальса-Строинска жана Ф.Пиана менен жолугушту. Жолугушууга көз карандысыз улуттук эксперттер дагы катышты.
Жолугушууда мыйзам чыгаруу жол-жоболору жана ченемдерди иштеп чыгууга байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары тарабынан парламенттик процедураларды өркүндөтүү жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатууга багытталган сунуш-пикирлер айтылды. Эксперттерди мыйзам долбоорлорун лингвистикалык экспертизадан өткөрүү механизмдери кызыктырды.
Соңунда тараптар жогоруда белгиленген багыттар боюнча кызматташууну улантуу боюнча ой-пикирлерин билдиришти деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Leave a Reply