Депутат К.Осмоналиев тиешелүү жактарды “Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча “тегерек столго” чакырды
“Диний кырдаалдын олуттуулугу эске алынып, буга чейин эки жолу КР Коргоо кеңеши жыйын өткөрүп, концепция кабыл алган. Бирок бул багыттагы фундаменталдык мыйзамдар иштеп жатабы, бул чоң маселе”,- деген депутат Каныбек Осмоналиев бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү бул жаатта азыркы учурда иштей турган мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү сунуштады.
Депутат К.Осмоналиев депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан “Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын жарыялап, эртең, 30-январда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору боюнча өткөрүлө турган “тегерек столго” кесиптештерин, тиешелүү тараптарды чакырды.
Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында Мамлекеттик каттоо кызматында кадрдык баш-аламандык болуп жатканын депутат Наталья Никитенко белгилеп, мындай жагымсыз жагдайды жолго коюуну Өкмөткө сунуштады. Ошону менен катар Н.Никитенко Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саламаттыгы үчүн атайын өзүнчө тез жардам тобун уюштуруу жагын дагы Өкмөткө багыттады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Leave a Reply