М.В.Фрунзе

Биз бүтүндөй кыргыз эли жакында 2-февралда М.В.Фрунзенин 130 жылдык юбилейин жана музейдин 90-жылдыгын тосуунун алдында турабыз. М.В.Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында (азыркы Бишкек шаарында) туулган. Анын атасы Херсон губерниясынын Тирасполь уэздинен чыккан дыйкандын үй-бүлөөсүнөн болгон улуту боюнча молдован атасы аскер кызматын өтөгөнү Туркестан армиясына жиберилген. Аскер кызматтын өтөп бүткөндө Семиречьде аймктык фельдшер болуп иштеп келген апасы болсо Воронеж губерниясынан дыйкандын үй-бүлөөсүнөн чыккан, ата-энеси менен Семиречьеге көчүп келген. Атасы Михаил Васильевич Фрунзе апасы Мавра Ефимовна Бочкарева экөө беш балалуу болушкан. Алардын экинчи уулу биздин жердешибиз М.В.Фрунзе. Миша Фрунзе туулуп өскөн үй азыркы М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде жайгашкан. Бул музей Кыргыз жергесиндеги эң алгачкы музейлерден 1925-жылы 31 октябрда М.В.Фрунзенин каза болгондон кийин ысымын туулган жеринде түбөлүккө калтыруу үчүн төрөлгөн үйү 1925-1991-жж музей болуп ачылган. Фрунзе жалындуу революционер В.И.Лениндин окуучусу болгондуктан биринчи аталышы революция музейи деп аталган. М.В.Фрунзенин төрөлгөн үйүн түбөлүккө сактоо үчүн 1967-жылы үйдүн үстүнө чоң 3 кабаттуу имарат курулган, бул музей азыркы Фрунзе Раззакова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. М.В.Фрунзе кичинекей кезинен эле зээндүү, көп нерсени билүүгө умтулган бала болгондуктан, китеп окуганды да, кыргыз тилин да эрте үйрөнүп алган. Ал Верныйдагы эркектер гимназиясын алтын медаль менен бүтүргөн андан кийин Санк-Петербургдагы политехникалык институттун экономикалык факультетине тапшырган. Студент убагында большевик кыймылына кошулган. 1904-жылы большевиктер кыймылына активдүү катышкандыктан 1904-1907-жылга чейин падышалык Россия тарабынан куугунтукка алынган. 1907-жылы камакка алынып, эки жолу өлүм жазасына тартылып, бирок ал өкүм Сибирдеги каторгалык сүргүнгө алмашылган. Башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Бирок эрки күчтүү адам болгондуктан баардыгына чыдаган жана көтөрө билген, Сибирде, каторгада жүргөндө дагы өз билимин өркүндөтүп чет-тилдерди үйрөнгөн, англис,немец, француз тилдерин билген. Верный шаарында (азыркы Алма-Атыда) окуп жүргөндө казак тилин да үйрөнүп алган.

М.В.Фрунзе туулуп өскөн кыргыз жерин ак каарлуу тоолорун, көгүлтүр Ысык-Көлүн жана меймандос кыргыз элин абдан сүйгөн. Ал кайсыл жерде жүрбөсүн кыргыздарды көргөндө өз бир тууганын, боордошун көргөнсүп сүйүнүп, алар менен кыргыз тилинде сүйлөшүп колунан келген жардамын аяган эмес, биринчи Кара-Кыргыз автономиялуу область алганда Биринчилерден болуп Москвадан кубануу менен телеграмма жиберип жердештерин куттуктаган. Уюштургуч таланты менен адамдарга жакшы мамилеси менен жана алысты көрө билүүсү менен күчтүү армияны түзүүгө жетишкен. Көп эле адамдар билбесе керек, биздин жердешибиз М.В.Фрунзе дүйнөдөгү эң улуу жүз аскер башчыларынын бири.

Биз бүт кыргыз эли жердешибиз М.В.Фрунзе менен сыймыктанабыз, анын жаркын элеси туулуп өскөн кыргыз жеринде Бишкек шаарында (Фрунзе шаары, ага чейинки Пишпек шаарында ) түбөлүккө сакталат. Анын ысымы түбөлүккө даңкталат. Келечектеги жаш муундарга эрдиги сабак болот. 2015-жылдын 2-февралында боло турган М.В.Фрунзенин 130-жылдык юбилейине жана музейдин 90 жылдыгына карата, азыркы Москвада жашап жаткан кызы химия илимдеринин доктору жана Советтик аялдар комитетинин төрагасынын орун басары Татьяна Павлова Михайловнага (Фрунзе) музейдин жамаатынын атынан атасынын юбилейи менен куттуктап музейде жасалган буюмдарды белекке жибердик. Бүгүнкү күндө ал 95 жашка чыгып отурат.

Аталган иш чара 2 февралда саат 15-30да М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде башталат. Келип биздин тарыхый инсаныбызга арналган иш-чарага катышып кетиңиздер. Сиздер үчүн музейдин эшиги ачык.

Гулжан Ахмеджанова, М.В.Фрунзенин үй-музейинин ага илимий кызматкери