Депутат А.Кутушев: “Элет калкынын жашоо-шартын дагы жакшыртуу зарыл”
Бул боюнча пикирин депутат Абдуманап Кутушев бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында билдирди.
Бишкек, Ош шаарларында жолдор оңдолуп, курулуштар активдүү жүрүп жатат. Мындай алгылыктуу жылыштар региондордо да болушу керектигине токтолгон депутат элет калкынын жашоо-шартын дагы жакшыртуу зарылдыгын айтты.
Анын белгилөөсүндө, райондордо ички жолдорду оңдоо чоң жолдорго караганда анчалык көп каражат талап кылбайт. Бул багытта Кочкор, Алай сындуу бир катар райондордон кайрылуулар келип түшүүдө. Региондорду текши өнүктүрүү маселелерин Өкмөткө сунуштайм”,- дейт А.Кутушев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Leave a Reply