Баткенде бир короодогу 4 башка үй-бүлөгө 700 кВт электр кубаты каралган
Жердин тартыштыгынан Баткен облусунда бир жер тилкесинде 3төн, 4төн үй-бүлө отурукташууга аргасыз. Мындай шарт аз келгенсип, маселен, 4 башка үй-бүлөгө 700 кВт гана электр кубаты каралган. Ошол эле маалда айрым жерлерде бүлөсү аз же жалгыз жашаган жарандарга деле ушундай электр кубаты каралган.
Мындай теңсиздикти депутат Улукбек Кочкоров бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрүп чыкты. Депутат баткендиктердин электр кубатын бөлүштүрүүдө ийкемдүү саясаттын жүргүзүлүшүн талап кылып жаткандыгын билдирди.
Электр кубатын үнөмдүү пайдалануу максатында борбор калаа Бишкектин тегерек четиндеги жаңы конуштардын тургундары жалаң көмүр жагууга өтүшкөн. Бирок, электр кубатын 700 кВтка чейин колдонсо дагы, аларга электр кубатын 2,05 тыйындан төлөө боюнча квитанциялар келип жатат. Жаңы конуш тургундарынын нааразычылыктарын депутат Асия Сасыкбаева Өкмөткө багыттады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.


Leave a Reply