Бразилияда эки поезд сүзүшкөн кырсыктан 140тан ашуун адам жаракат алды, деп маалымдайт globo.com. басылмасы.

Аталган авария 6-январда Рио-де-Жанейро штатынын Мескита шаарынан алыс эмес аймактагы Жуселино станциясында болгон.

Кээ бир жабырлануучуларга окуя болгон жерде алгачкы медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Азырынча оор жаракат алгандар менен каза болгондор тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Бразилиянын транспорт министри Карлос Роберто Осорионун айтымында, авариянын себебин иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, аварияга катышкан поезддин бири эскилиги жеткен абалда болгон жана аны 2014-жылдын аягында алмаштыруу керек болчу, деп айтылат маалыматта.

4

5

6

7

1

2

3

Булак : Баракелде