Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында мас айдоочу кыз-жигитти сүзүп, алар ошол жерде каза тапты
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында мас айдоочу кыз-жигитти сүзүп кетип, алар каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы, милициянын майору Тилек Оторов билдирди.
Маалым болгондой, окуя кечээ түнкү саат 23:50лөр чамасында болгон. Катуу ылдамдыкта келаткан Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү Чүй проспектиси менен Эркиндик булварынын кесилишинен сүзүп кеткен.
“Айдоочу окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Бирок, жол кайгуул кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы Эльзар аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөндөн кийин ал мас экени аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген” дейт Т. Оторов.
Белгилүү болгондой, каза тапкандар 25- 30 жаштар чамасындагы кыргыз улутундагы жарандар, учурда алардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.
Булак: super.kg

Leave a Reply