теплосеть

Бишкектеги Алматы жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жарактан чыккан суу түтүгү оңдолуп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Учурда жарылган суу түтүгүн жамоо иштери жүрүүдө.

Бүгүн түшкө маал шаардын жылуулук системасынын түтүгү жарылып, көчөнү ысык суу каптаган эле.