кино

Бишкек шаарында 4-жолу эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында 14 мамлекеттин  тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда SUPER.KG порталына фестивалдын директору Фархад Бекмамбетов билдирди.

“Кинофестивалдын алкагында 2 сынактык программа уюштурулмакчы. Биринчиси эл аралык сынак, анда 14 кыска метраждуу тасма, ал эми экинчиси улуттук сынак, анын алкагында ата мекендик 10 тасма көрсөтүлөт. Фестивалга катышуучу бардык тасмалардын узактыгы 30 мүнөткө чейинкилер. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүүдө. Фестивалдын калыстар тобунун төрагасы болуп белгилүү кинорежиссер Ходжакули Нарлиев болмокчу”,- дейт Фархад Бекмамбетов.

Белгилүү болгондой, фестиваль 12-декабрдан 15-декабрь күндөрү болот. Эл аралык фестивалдын алкагында кыска метраждуу тасмаларды жана продюсерликти өнүктүрүү максатында 1 күндүк мастер-класс уюштурулат. Ошондой эле, фестивалда Орусия, Украина, Беларусь, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка мамлекеттердин кыска метраждуу тасмалары жана эл аралык Локарно жана Венеция кинофестивалында эң мыкты тасмалары да тартууланмакчы.

Иш-чара “Айтыш” коомдук фонду, Маданият маалымат жана туризм министрлиги жана “Кыргызстан киноматографисттер союзунун” колдоосу менен өтүүдө.

Булак: super.kg