пожар1

Чоң-Алай районундагы бала бакчалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 9-декабрь күнү аталган райондун Кызыл-Эшме айылындагы бала бакчада болгон. Анда от жаккан жерде 6 чарчы метр фанера күйгөн. Мындан улам 60 бала эвакуацияланган. Тилсиз жоонун келип чыгышына морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Булак: super.kg