Бишкекте эки унаа сүзүшүп, анын бирин башкарып бара жаткан 26 жаштагы айдоочу каза болду
Кечээ, 20-ноябрда саат 22:30 чамасында Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда болгон жол транспорт кырсыгынан айдоочунун бири окуя болгон жерде каза болду. Окуяга күбө болгон окурман «Репортерго» видео жөнөткөн.
Бишкек ШИИБдин ЖКК маалыматы боюнча, Абдрахманов көчөсү менен түндүк багытка бара жаткан «Лексус» унаасы ага катарлаш багыт менен бара жаткан «Ауди 100» унаасы менен сүзүшкөн. «Лексус» унаасынын 26 жаштагы айдоочусу башкарууну жоготуп, электр мамычасын сүзгөн, деп айтылат маалыматта.
Алган жаракатынан улам «Лексус» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болуп, эки жүргүнчү ооруканага жеткирилди. «Ауди» унаасынын 33 жаштагы айдоочусу анча чоң эмес жаракат алган, ооруканага баруудан баш тарткан.
Бул иш боюнча топтолгон материалдар иликтөө бөлүмүнө берилди.
Булак: Баракелде


Leave a Reply