Бишкекте өткөн жекшемби күнү №2 шаардык кургак учукка каршы балдар ооруканасынын бейтабы Галия Орозова жоголгондугун 7-январда Бишкектеги саламаттыкты сактоо Департаментинен маалымдашты.

Анын маалыматы боюнча, кичинекей кыз саат 17:30 менен 18:00 ортосунда дарылоо мекемесинин аймагынан жоголгон. Ал 26-декабрдан бери дарыланууда болгон.

«Аталган факт боюнча арыз Ленин РИИБне түшкөн. 2015-жылдын 5-январында саат 15:30да РИИБдин иликтөө тобуна кыз өзүнүн чоң энесинен табылгандыгы жөнүндө туура эмес маалымат келип түшкөн. Бирок азыркы учурга чейин кыздын жүргөн жери белгисиз бойдон калууда», – деп жазылат маалыматта.

Ленин РИИБи, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо Департаменти менен биргеликте издөө иш-чараларын улантууда.