Тоңдун Ак-Сай айылындагы маданият үйүнө кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, эл артисти Балбай Алагушовдун ысымы ыйгарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылындагы маданият үйүнө бүгүн, 22-октябрда кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, КР эл артисти Балбай Алагушовдун ысымы берилди, деп маалымдайт өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.Салтанаттуу аземге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев катышып, кыргыздын көркөм өнөрүн, музыкасын, фольклордук мурасын иликтеген көрүнүктүү журналист, өнөр таануучу, Кыргызстандын эл артисти Балбай Алагушов тууралуу учкай кеп айтып, талантту инсандын ысымы өзү туулуп өскөн кичи мекениндеги маданият үйүнө берилиши маанилүү окуя экендигин баса белгилеп өттү.

Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Ак-Сай (мурунку Кызыл-Дөбө) айылында белгилүү комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

1959-65-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болгон. 1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу бөлүмчөсүндө (сектор) илимий кызматкер болгон. 1985-1998-жылдары «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген. Алагушов 1997-жылдын 7-июнунан тартып «Азаттык үналгысы» аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорун, акындарын, ырчыларын, күүчүлөрүн, комузчуларын, кыякчыларын жана алардын көөнөргүс мурасын калайыкка тааныштырып, алар тууралуу эл сабатын кеңейтип келет. Балбай Алагушов Кыргыз Улуттук Журналисттер жана Жазуучулар бирикмелеринин, Кыргызстан композиторлор бирикмесинин мүчөсү. «Кыргыз музыкасы ( энциклопедия)» жана башка элүүдөй китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору. Ошондой эле, Б.Алагушов бир нече Ардак грамоталардын жана «Даңк» медалынын ээси. Ал эми 2011-жылы эл артисти деген ардактуу наам тапшырылган.

Алагушев

Булак: Turmush