күрөш1 күрөш

Жакында алыш күрөшү боюнча коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан алыш күрөшүнүн алптары катышып, күч сынашты.

70 кг салмакта Зыямидин Садыбековго эч ким тең келе алган жок. 80 кг чейинки балбандар арасында лейлектик Эсенбек Кудайбердиев финалда Бектурган Кожомуратовду жыгып жеңүүчү аталды. 90 кг салмактагы финалда Нурбек Кожобеков менен Чынгыз Чалабаев экөөнүн кармашы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Тажрыйбалуу Н.Кожобеков күчтүүлүк кылып жеңип кетти. 90 кгдан жогорку абсолюттук салмакта, Асылбек Халматов өзбекстандык Голиб Ахмедовду жеңүү менен баш байгени алып кетти.

Айтор, алыш күрөшүнөн кыргызстандык балбандар биринчиликти колдон чыгарышкан жок. Жеңүүчүлөргө байгелерди А. Масалиевдин уулу Исхак Масалиев, ЖК депутаттары ж.б. белгилүү инсандар тапшырышты.

А.Масалиевди эскерүү турнири быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Алгач республикалык деңгээлдеги турнир Ошто өткөн. Эл аралык турнир Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда ноябрь айынын соңунда жыйынтыкталды.

Бусурманкул САТЫБАЛДИЕВ, спорт чебери, мелдештин калысы