Араб өлкөлөрүнөн досторду таптык, – А.Атамбаев
Араб өлкөлөрүнө жасалган иш сапар жемиштүү болду, деди президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-декабрда Катар шаарында кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарга болгон иш сапарын жыйынтыктап жатып.
А.Атамбаевдин айтымында, жолугушууларда арабдар Кыргызстанга болгон чоң кызыгуусун көрсөттү.
Кайсы бир өлкөгө бараарда тарыхый маалыматтарга кайрылып, байланыштын түйүнүн тапкан эреже киргизип алгындыгын айткан президент: «Мен араб өлкөрлөрүнүн лидерлерин ишендирдим деп ойлойм. Бул алардын мамилесинен жана сүйлөшүүлөрүнөн байкалды. Бизде достук мамиле пайда болду», – деп белгиледи.
Бул өлкөлөрдөн эч ким Кыргызстанда болгон эмес, биз араб дүйнөсүнө жол ачтык, бизге инвестиция барат, деп кошумчалады А.Атамбаев.
Бүгүнкү күндө араб өлкөлөрү дүйнөлүк каржы борборлорунун бири болуп эсептеле тургандыгын белгилеген А.Атамбаев: «Менин максатым жол ачуу болчу. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы алгачкы жана биринчи байланыш 1992-жылы болгон. Кандайдыр бир себептер менен биздин мамиле бузулган, мындан ары кырдаалды оңдоо үчүн бардык күчтү жумшап, араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу керек», – деп кошумчалады.

Leave a Reply